Аламүдүн райондук соту М.Б.ны киши өлтүргөнү боюнча күнөөлүү деп таап, эркинен 14 жылга ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
М.Б. “Төмөнкү Ала-Арча” конушундагы мал базарда иштеген. 27 жаштагы Ж.Ж. экөө бир койдун башы үчүн уруша кетип, М.Б. ашбычак менен сайып салган. Жараат алган жигит ооруканага жетпей көз жумган. М.Б. сотто күнөөсүн мойнуна алып, киши өлтүрүү оюнда болбогонун, жини менен байкабай сайып алганын айтты.
“Мен мал базарда иштейм. Ал күнү Ж.Ж. кой союп, койдун башын куйкалап бер деп калды. Мен 50 сом сурадым. Жакшы куйкалабай коюп, Жыкы (өлгөн бала) кайра акчасын сурап жатпайбы. Ошондон экөөбүз уруша кетип, далыга бир муштадым, бизди ажыратып коюшту. Бир кезде кайра жаныма келип, ашата сөгө баштады. Чыдабай кетип бычак менен шилтеп жиберсем, боор тушка кирип кетти. Күнөөмдү мойнума алам”, – деди айыпталуучу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ