Бүгүн, 29-ноябрда «БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, камактагы Афтандил Жоробековдун абалынан акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев кабар алууга аракеттенет. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы бүгүн билдирди.
Эске сала кетсек, 24-ноябрда УКМК «Аймак аралык касташууну козутту» деген айып менен шектүү катары Афтандил Жоробековду кармаган. Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камоо чечими чыккан. Мындай чечимге туугандары макул эмес, анын карындашы Чынара Темирова кечээ президентке жана Текебаевге кайрылуу жасаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ