Menu

Феликс Кулов, генерал: “Кулматовдун тийешеси бар экенин да текшерүү керек”

Бөлүшүү:

– Феликс Шаршанбаевич, ден-соолугуңуз кандай? Ооруканада жатат деп уктум эле…

– Баары жакшы. Бир аз суук тийгизип алыптырмын. Азыр үйдөмүн. Ооруканага ушул жактан эле каттап, процедураларды алып жатам.

– Сиз өлкөдөгү орун алган окуяларга өз бааңызды берет эмессизби. Митингге чейин жеткен миллиондор чуусу тууралуу кандай ойдосуз?

– Матраимовго байлап жаткан акчалар жөнүндөбү?

Дал өзү…

– Матраимов жөнүндө мындай айтсак туура болот. Мен Матраимовдун акчасы чет өлкөгө которулду дегенди укканым да, көргөнүм да жок. Бул тууралуу бир да сөз таппайсың. Бирок, Дубайда анын аялы мүлк алган деп айтылды. Ушул боюнча иликтөө жүрүшү зарыл. Коопсуздук кеңешинин-катчысы да иликтөө болот деп айтты. Иликтөөдөн кийин “Азаттыктын” иликтөөлөрү туура же туура эмес болгонун көрөбүз. Мындан башка дагы бир учур бар. Каржы полициясы 1 млрд долларга жакын акча банктар аркылуу которулганын билдирди. Ушул дагы иликтөөгө алынышы зарыл. Эми айныгыс фактыны айтайын. Ушул иштердин баары Атамбаевдин учурунда болгон. Муну эч ким талаша албайт. Кызыгы, ушул боюнча эч ким унчукпайт. Сооронбай Жээнбековдун тушунда болгон жок да.

– Октон өлгөн Саймаити мыйзамсыз акча которуулардын автору болгонун өзү ачыктап жатат. Юридикалык түшүнүк боюнча ушул иштерди аткарган адам кылмышкер болуп саналабы?

– Сөзсүз формалдуу түрдө кылмышкер болот. Биздин башкы прокурор менен ИИМ министри Түркиядагы кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүштү. Буйруса жыйынтыкка келебиз деген үмүтүм бар. Эмне үчүн дегенде буга чейин эки министрлик эки башкы прокуратура биригип иштеген практика болгон эмес. Иш жабылып калбайт деп ойлойм.

– Саймаитини формалдуу түрдө кылмышкер деп санасак болот экен. Өзүнүн кылмыштуу ишин жашырыш үчүн, башка адамдарга күнөө коюп көрсөтмө бериши мүмкүнбү?

– Андай да толук мүмкүн. Азыр болгону журналисттик иликтөө гана болду. Юридикалык жактан тергөө болушу керек. Тергөөнүн жыйынтыгы гана толук жооп берет. Журналисттик иликтөө далил эмес, багыт гана болуп берет. Матраимов Ошто олтурду, Кулматов бүтүндөй бажыны көзөмөлдөгөн жетекчи болду. Кулматовдун кандай тийешеси бар экенин да текшерүү керек. Атамбаевдин мындай иштерди билген эмесмин дегенине адам катары ишенбейм. Кантип билбей калат? “7-апрель шейиттери” деген мечитти ким салды? Хабибула салган деп айтып жатышпайбы. Атамбаев өзү досторум жардам берди деген. Азыр биз ошол досу Хабибула эмеспи деп шектенүү менен карап жатабыз да. Мунун баары ачыктергелиши шарт.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: