Menu

Саймаитинин өлүмүн иликтөөдөгү депкомиссияга Сулайманов менен Матраимовдун ордуна башкалар кирди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеш жыйынында 10-ноябрында Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айэркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилди. Мындай токтом кечээ, 28-ноябрда сессияда кабыл алынды.

Депкомиссиянын курамынан чыгып кеткен КСДП фракциясынын өкүлү Искендер Матраимовдун ордуна Абтандил Кулбараков, «Бир Бол» фракциясынын өкүлү Алтынбек Сулаймановдун ордуна Жаныбек Бакчиев кошулду.

Ошентип депутаттык комиссиянын курамы төмөнкүдөй болуп калды:

КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, “Республика – Ата Журт” фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, “Кыргызстан” фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, “Ата Мекен” фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: