Menu

Маринаддалган бадыраң жегенден абайлаңыз, андан ботулизм табылды!

Бөлүшүү:

Ботулизмдин токсиндери «Дар земли» ЖЧК өндүргөн маринаддалган бадыраңдардан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөдө ботулизм менен ооруган 43 учур катталган. Ноябрда ботулизм менен жабыркаган бейтап каттоого алынган. Ошондон улам лабораториялык изилдөө башталган, жыйынтыгында бадыраңдардан ботулизмдин токсиндери аныкталган. Тагырагы, 2018-жылдын июлунда «Дар земли» ЖЧК өндүргөн маринаддалган бадыраңдар кооптуу деп табылды. Өндүрүшчүгө карата чаралар көрүлүп, соода түйүндөрүнөн калган продукцияларды алып салуу буйругу берилген.

Ботулизм деген эмне?

Ботулизм – бул оор жана коркунучтуу оору, ал ботулизмдин уулуу бактерияларын камтыган тамак-ашты колдонууда пайда болот. Ал нерв системаларынын жабыркашына, оору өтүшүп кетсе шал болууга алып келет.

Ботулизмди козгоочулар жаратылышта көп кездешет. Алар жер кыртышында, сууда, жаныбарлардын жана балыктын организиминде жолугат. Жер кыртышынан бактериялар козу карынга, жер-жемиштерге жана мөмө жемиштерине тарайт.

Бирок ботулизмдин козгогучу эмес, андагы  көмүр кычкыл газы болбогон жерде пайда болуучу токсиндер коркунучтуу. Так ушундай шарт, жемиштерди концервациялоодо түзүлөт. Ботулизмдеги токсин уулуу зат. Токсин 100°С температурада жок болот, ошондуктан заводдо даярдалган азыктарды колдонуу керек.

Кандай жол менен жугат?

Ботулизм менен өзгөчө үй шартында санитардык номаларды сактабай, технологиялык талапка ылайыксыз коцервацияланган азыктарды колдонгон учурда жабыркашат. Көбүнчө концервацияланган козу карын, жер жемиш (баклажан, бадыраң, помидор ж.б.), эт жана балык кооптуу келет. Ошондой эле ботулизм чочконун сүрсүгөн этинен, ышталган жана кургатылган балыктан, колбасада пайда болот. Ботулин бактериясы  бар концервацияланган азыктарды өңү, жыты, даамы аркылуу айырмалоого мүмкүн эмес.

Ботулизмдин  белгилери

Адатта, ботулизм 12-36 сааттан кийин, токсин камтылган азыкты колдонгондо байкалат, бирок 4 саатан, 8 күндөн кийин да жукканы байкалган учурлар  кездешет.

Күп учурда оору тез өөрчүйт. Жалпы дененин алсыздыгы, баш оору, кукусу келет, тез-тез ичи өтөт, ич оору. Дене табыты нормалдуу же бир аз гана жогорулаган болот.

Оорунун алгачкы убактысында  көздүн көрүүсү жабыркайт: көздү туман каптагандай,  бир нерсени бүдөмүк көрүү.

Андан  соң  суюк жана катуу тамактарды жутканда кыйналат, сөздөрү түшүнүксүз болуп, үнү кырылдайт.

Ботулизмдин өтө олуттуу учуру дем жетишпей калуу. Бейтап тумчугуп, дем жетпей калат. Эгер убагында жардам көрсөтүлбөсө, өлүмгө дуушар кылып, жүрөктүн токтошуна алып келет.

Алгач оорунун себептерин байкаганда ( көздүн начарлашы, тамак жутканда кыйналуу) дароо жакынкы бейтапканага жеткирүү же «тез жардамды» чакыруу керек.

Ботулизмдин алдын алуу

Санитардык, технологиялык талаптарды сактоо менен  заводдо концервацияланган азыктарды колдонгула. Үй шартында концервацияланган азыктарды базардан, көчөдөн сатып албаңыздар!

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: