Menu

Кыргызстандагы АША түптөгөн конгломерат же көмүскө каржыдагы “карышкырлар”

Бөлүшүү:

Бийлик, байлык, таасир, саясаттагы маселелерди бир адам эмес, чогулуп ишке ашырган топ конгломерат деп айтылат. Конгломератты түзүм, байланыш, союз деп дагы айтып жүрүшөт. Бул топтун да “каралар” дүйнөсүндөгүдөй өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Конгломератка кирген кайсыл бир адам бийлик жана байлыктын топтолуп жаткан жолдорун башка бирөөлөргө сатып койсо, башкалары анын өмүрүн алып гана тынчыйт. Конгломератты бийликтеги эң таасирдүү адамдар гана кура алат. “Азаттыктын” чуусу көп “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” жана “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген аталыштардагы иликтөөсү 2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанда конгломерат түптөлүп жашап келгенин анык көрсөттү. Конгломераттын мыйзамына ылайык жашыруун сырды ачыктаган мүчө Айэркен Саймаити бул жашоо менен коштошту.

Германия, улуу Британия, Түркия, Дубайды дүңгүрөтүп, Кыргызстанга бурулган уйгур жолу

“Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген иликтөөнү “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов “1 долларлык кездеме 100 млн доллардын жүзүн ачат” деп баштайт. Андан ары “Азаттыктын” колуна төбө чачты тик тургуза турган документтер келип түштү. Биздин ишенимдүү булактар 2011-жылдан 2017-жылдарга чейинки аралыкта Кыргызстандан бир нече банк аркылуу 700 млн доллар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткенин билдиришти (акча темасына, бажыдагы системаны өзүнчө кенен сөз кылабыз)…

Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери (тагыраагы Дубай), Германия, Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Орусия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг жана Африкадагы Гана өлкөсү. Бул Айэркен Саймаити Кыргызстандан акча которгон мамлекеттер…” Бул иликтөөнүн жүрүшүндө айтылган сөздөр.

Чын эле жүздөгөн миллиондор менен иш кылган уйгур улутундагылардын үйүрү айтылуу Райым Матраимовго таандыкпы же өлкөнү 7 жыл өз менчигиндей башкарган мурунку ажо Алмазбек Атамбаевкеби?

Миллиондорду адалдаштыруунун адиси, уйгур улутундагы Айэркен Саймаити бул конгломераттын жетим жүгүрүгү гана болгон. Ал буйрукту гана аткарып, тапшырылган ишти жайгарып туруу милдетин аткарган. Миллиондорду жүгүрткөн союздун эң таасирдүүсү Хабибула Абдукадыр. Саймаити Хабибуланын чет өлкөдөгү фирмаларына миллиондогон долларды которуп турган. “Азаттык” айткан өлкөлөрдө чындыгында Хабибулага таандык фирмалар бар болуп чыгууда. Эң кызыгы Абдукадыр башкарган компаниялардын Кыргызстандагы учу мурунку президент Алмазбек Атамбаевге барып такалып жаткандыгында. Ошол түйүндү четинен чечип көрөлү…

Хабибула Абдыкадыр 1964-жылы 16-февралда туулган казакстандык этникалык уйгур, Дубайдын тургуну. Хабибуланын дагы бир аты Палван Хабибула.

2016-жылдын июль айында Хабибула Абдукадыр Германияда W & К деген компаниянын 40 пайыз акциясын сатып алат. Анын өнөктөшү болуп дагы бир казакстандык ишкер Бауржан Баймуханов ушул эле компаниянын 40 пайыз акциясына ээлик кылат. Баймуханов кытайлык ишкерлер менен тыгыз байланышта болуп,“Чжунфу” деген кытайлык компания менен иштешип, Казакстанда кытайлык ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон адам. Кытай-казак чек арасында жайгашкан “Хоргос” эл аралык борборунда кумар оюндарына мыйзамсыз уруксат бергени жана жерди ижарага берүү, курулуш иштерине байланышкан 1 млрд теңге менен алдамчылыкка шектелип кармалган. Хабибуланын казакстандык өнөктөшү шылуун болгону далилденген.

2016-жылы Палван Хабибула (Абдукадыр Хабибула) Германияда дагы бир Statuswest GmbH деген компаниянын 80 пайыз акциясына ээлик кылат. “Азаттыктын” иликтөөлөрүндө бул компаниялар тууралуу бир дагы сөз айтылбайт. Иликтөө жүргүзгөндөр жалаң гана “АКА” деп башталган Хабибуланын компанияларына гана кызыгышкан. Кыргызстанга келген уйгурларга таандык “АКА” деп башталган компаниянын изи бир гана Германияда эмес, Улуу Британиядан көрүнөт.

2014-жылы Хабибула Абдукадыр Лондондо Palwan Limited деген жаңы компанияны негиздейт. Палван Хабибуланын экинчи ысымы эмеспи. Улуу Британиянын реестринде Хабибула Улуу Британиянын тургуну деп көрсөтүлөт. Palwan Limited компаниясынын акционерлери Хабибуланын жакындары Улуу Британиянын тургуну, Кытай жараны Айбибула Паливанмухаймайти (1991-жылы туулган), Улуу Британиянын жашоочусу, Кытай жараны Рези Малия (1967-жылы туулган) жана Айбибула Йамаймайти, Айбибула Нуэрмаймайти (1989-жылы туулган). “Азаттык” Рези Малиядан бөлөк, фамилиялары окшош адамдарды жакын туугандар окшойт деп болжойт.

Palwan Limited компаниясынын эки акционери Абибула Паливанмухаймайти жана Рези Малия АКА London Trading Limited деген компаниянын дагы акционерлери жана директорлору болуп саналат. АКА London Trading Limited кийин кайра каттоодон өтүп, АКА London Limited деп атын өзгөрткөн. Бул компания 2015-жылдын 29-октябрында Улуу Британиянын Кингстон-апон-Темс шаарында катталган. Абибула Нуэрмаймайти дагы компаниянын акционери болуп эсептелинет.

Бул түрдүү өлкөнүн тургуну боло калган, кытай жана казак паспорттору менен жүргөн, Дубайда, Лондондо, Германияда, Түркияда катталган компаниялардын директорлору жана негизги акционерлери Европа жана Азия өлкөлөрүндө инвестиция салып жаткандай түр көрсөткөн эл аралык уйгур коомунун бир бөлүгү болуп саналышат. Бул топ бир эле Кыргызстанды эмес, күчтүү делген Германия жана Улуу Британияны дагы таң калдырууга жетишкен. 2015 жана 2016-жылдардагы отчёттор боюнча АКА London Trading Абдукадыр Хабибуладан 2 млн фунт стерлинг акчаны карызга алат. Отчёт боюнча Хабибула АКА London Trading Limited компаниясынын директорлору менен байланышы бар тарап катары көрсөтүлгөн.

Бул британдык компания 2015 жана 2016-жылдары Түркияда катталган Рalvan Insaat Turizm Lojistik San. TIC. Ltd деген компаниядан 7,1 млн фунт стерлинг акчаны карызга алат. Түркиядагы компаниянын ээси болуп баягы Улуу Британияда катталган Palwan Limited компаниясынын жетекчилеринин бири Айбибула Паливанмухаймайти катталат. Ааламды дүңгүрөткөн уйгур ишкерлеринин түрк компаниясы Стамбулда жайгашкан.

Хабибула жана Айбибула деген фамилияга ээ болгон табышмактуу миллионерлерге таандык “АКА” компаниясынын Дубайдагы туундусу АКА International DМСС. Кыргызстандагы чууну жаратып жаткан “АКА…” дал ушул Дубайдагы компаниянын туундусу.

Сапар Исаковдун өкмөтү 60 млн доллар деп бааланган “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн кытайдын Huawei Technologies компаниясы менен 2018-жылдын башында келишим тузөт. Келишим боюнча кытайлык инвестор 51 млн долларды инвестиция катары салса, 9 млн долларды кыргыз өкмөтү тапмак. Бирок, кыргыз тарап келишимди жокко чыгарган. Негиз катары Huawei Technologies компаниясы Кыргызстанда катталган АКА Invest деген компания 9 млн долларды инвестиция катары салууга даяр экенин, аны өнөктөш катары тапканын келтирет.

Чындыгында, кыргыз коомчулугуна аты-жыты белгисиз бул компания маалымат каражаттарынын бутасына алынып, ар тараптуу изилдөөлөр башталат. Ошондо компания Дубайда катталган АКА International DМСС компаниясынын туундусу экенин, ээлери казакстандык этникалык уйгур Хабибула Абдукадыр, кытайлык Айбибула Нуэрмаймайти жана Айбибула Паливанмухаймайти экенин мойнуна алышкан.

Атамбаев тааныса да тааныгысы келбеген Хабибула менен байланышы

“Осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймайт” деген кыргызда орой угулган менен так аныктама берген макал бар. Атамбаевдин “Абдукадыр Хабибула менен мени Сооронбай 2017-жылы өзү тааныштырган” деп беттырмалык кылганы, дал ушул макалга тете. Атамбаев өзү айткандай Кой-Таш элдик республикасындагы резиденциясында эл менен жолуккан мезгилинде, журналисттерге жооп берип жатып “АКА-Холдингдин” башчысы Хабибула Абдукадыр менен Сооронбай өзү тааныштырган, 2017-жылы “Азаттык” баардык жерде кишилериңер бар да. Таап туруп сурагыла да. Хабибула Кудайга ишенген, корккон адам. Атамбаевди кантип тааныдың деп сурагыла. Мага аны Сооронбай тааныштырган” деп ошол эле “Азаттыктын” журналистине жооп айтат.

Журналисттин “Жанагы Пархати дегенди а?” деген суроосуна, мурунку ажо “жок, анын шефин” деп жообун узатат. Атамбаев ушул эки ооз сөзү менен ачыкка чыгарбай сактап келген сырын элден жашырып жүргөн маскасын заматта сыйрып салганын аңдабай калды. “Азаттык” да миллиондорду Кыргызстан аркылуу чыгарып турган Хабибула Абдукадырды иликтеген берүүсүндө Атамбаевдин ушул эки ооз сөзүнө көңүл бурбаганы таң калыштуу болду. Эрнис Кыязовдун “Эмне үчүн Атамбаевдин аты аталган эмес?” деп таң калган суроосу да ушундан улам берилген болсо керек…

“Азаттык” “АКА” деген компанияларга ээлик кылган 4 уйгурдун атын атап, “… Кудрат Нурмамат дагы бар. Бул ысымдар бизге абдан тааныш. Анын ичинде эки компания өзгөчө тааныш жана кызык сезилди. Бул АКА PETROLEUM GMBH жана AKA IMMOBILIEN GMBH. Эми, мына ушулардын Кыргызстандагы изи, Матраимовдорго байланышы тууралуу айтып берсек.  АКА PETROLEUM GMBH Германиянын Мюнхен шаарында Кронштадтер деген чакан көчөдө Хабибула менен Кудрат Нурмаматка катталган. Ал эми АКА PETROLEUM GMBH жана Касым Курбанов аттуу киши Кыргызстанда АКА МИНЕРАЛЗ ЭНД МАЙНИНГ аттуу компания түзүшүп, “Акылдуу шаар” долбоорун Huawei компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырмакчы болгон. Бирок, Өкмөт келишимди жокко чыгарган. Ушул элe АКА PETROLEUMга таандык АКА МИНЕРАЛЗ ЭНД МАЙНИНГ компаниясы “Мегакомду” дагы толук сатып алуу ниетин билдирген… Айтмакчы, кийин бул компания АКА ИНВЕСТ болуп атын өзгөрткөн. Көрсө, АКА PETROLEUM Кыргызстандагы ырыстуу объектилерге тээ мурдатан эле кызыгып келиптир. Көңүл буруңуз, 2014-жылы Чаткалдагы “Кассан” сурьма кенин “Терек-Сай жаштары” Деген ЖЧК 4,5 млн долларга сатып алган. Аты кыпкыргызча болгону менен бул компаниянын артында турган үчөөнүн бири АКА Петролеум…” Бул “Азаттыктын” көп суроолорду туудурган иликтөөсү.

“Азаттык” айткандай, эми дыкат көңүл буруңуз. Чаткалдагы Терек-Сай сурьма кенине байланыштуу аукцион 2015-жылы өткөрүлгөн. Бул аукционго “Азаттык” айткан АКА МИНЕРАЛЗ МАЙНИНГ компаниясы дагы катышат. Бирок, кенди ХУА-СИНЬ ЖЧКсы 130 миң доллар акча берип, аукциондо жеңүүчү болуп табылган. АКА МИНЕРАЛЗ МАЙНИНГ аукционго жөн гана катышуучу болуп катталып, иш жүзүндө ХУАСИНЬ ЖЧКсын колдоп, болгону 110 миң доллар гана сунуштап койгон. Бул компания утулганы менен ХУАСИНЬ төлөй турчу төлөмдөрдү төлөп турган.

ХУАСИНЬ ЖЧКсы ушунчалык кудуреттүүбү, кимдин компаниясы баарын титиреткен?-деген суроо заматта жаралышы мүмкүнбү? Кызыктын баары тагыраагы Атамбаев жана уйгур мафиясынын аласа-бересеси дал ушул ХУАСИНЬ менен суунун үстүнө калкып чыккан чабынды сыяктуу ачык көрүнөт. “Азаттык” АКА компанияларынын изин иликтеген соң, эң керектүү фактыны кантип көз жаздымда калтырып койду экен? Же иликтөөнү сунуш кылган, “төбө чачты тик тургуза турган” документтерди берген ишенимдүү булактар ушул жерге келгенде секирип өтүп кетүүнү буйрушту бекен?

ХУАСИНЬ ЖЧКсынын 50 пайыз акциясына улуту уйгур Субихи Пархати деген жаш жигит ээлик кылат.

Сухиби Пархати

Ушул жерден Атамбаевдин Кой-Таштагы “Азаттыктын” журналистине Хабибула Абдукадыр тууралуу жообуна жакшылап көңүл буруңуздар. Атамбаев “Пархатиби?” деген суроого “Анын шефи” деп жооп бербеди беле. ХУАСИНЬ ЖЧКсынын 50 пайыз акциясына ээлик кылган суумурун жигит Субихи Пархати мурунку президент айтып жаткан Хабибуланын кол алдындагы адамдын дал өзү. Бул байланышты “Азаттык” көңүл сыртында калтырбашы керек болчу. Атамбаев Хабибуланы 2017-жылы Сооронбай аркылуу тааныгам деп калкка актанганы менен, иш жүзүндө андан мурун эле таанып жатпайбы. 2015-жылы сурьма кенин иштетүүгө лицензия алган ХУАСИНЬ ЖЧКсынын жарым ээси Пархатини Хабибуланын кишиси экенин өз оозу менен ачыктабадыбы. Демек, Хабибула Абдукадыр менен Алмазбек Атамбаев мурун эле чогуу жашыруун иш жүргүзүп, аны сыр бойдон сактап келген деп божомолдомок болот. Ага Хабибула Абдукадыр менен жубайы Раиса Атамбаева болуп кучакташып чогуу түшкөн сүрөтү да далил болууда. Бул сүрөт ачыкка чыкканда, Атамбаевдин жактоочулары “фотошоп, монтаждалган” деп маалымат таратууга жасаган аракеттери ишке ашпай калды. Factchek.kg сайты Атамбаевдин көпчүлүккө жарыяланбай келген сүрөтүн иликтеп, эч кандай монтаждын, фотошоптун элементтери табылбаганын далилдеп койду. Көмүскө каржыдагы “карышкырлар” кыргыз бийлигинин башында турган Атамбаевге жетип, аны менен коюн-колтук алышкан деңгээлге чейин чыкканы эми ачыкталып олтурат.

Хабибула Абдукадыр, Алмазбек Атамбаев, Раиса Атамбаева

“Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизем деген Сапар Исаков “2017-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү менен АКА компаниясынын жетекчиси Хабибуланы кабыл алгам…” деп билдирүү жасаган. Буга ишенүү дагы кыйын. Себеби, ал кезде Атамбаев жана анын Сапар Исаков башында турган командасы Райым Матраимов менен келишкис душманга айланып, Матраимовду кызматтан эбак эле алып койгон эмес беле. Атамбаев Хабибула баштаган уйгур “мафиясы” Матраимов менен иштеп келгенин билген эмес деген өзүнчө эле утопия. Исаков Жээнбековдун сөзүнө караганда Атамбаевдин сөзүн эки дебей аткарганга милдеттүү болуп турганын эске алганда, АКА компаниясы же Хабибула менен жолугуп, алар менен иштешүү керек экендиги тууралуу буйрукту Атамбаев гана бере алмак. Себеби, Атамбаев өзүнө мураскер катары президенттикке алып келген Сооронбай Жээнбековду каржылык маселелерге жолотпой, маселенин баарын өзү чечип, аны жөн гана куурчак катары пайдаланууну көздөгөнүн, “Аталык” институтун түптөөнү максат кылганын убакыттын өтүшү аныктап бербедиби. Эгер “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашканда, мүмкүн Атамбаев түптөгөн конгломерат жана көмүскө каражаттын “карышкырлары” анда дагы миллиондогон долларды адалдаштырып сыртка алып чыгып кетмектир.

Көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон дагы бир сүрөт Хабибула Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде анын бир туугандары олтурган катарда олтурганы.

Хабибуланын ант берүү аземиндеги сүрөтү

Муну ар ким ар кандай божомолдоп жатат. КСДП Атамбаевдин да, Жээнбековдун да аппарат башчысы болгон Фарид Ниязовдун билдирүүсү деп “Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Хабибула Абдукадырды жакын тууганы катары чакырылгандардын катарына киргизгенбиз. Жеке жолугушууда Хабибула Абдукадыр ким болорун сураганымда, эски жакын досу экенин айтып, үй-бүлө мүчөлөрү менен сыйлуу орунга олтургузууну суранды. Жээнбеков сурангандай Хабибула агасы менен эжесинин ортосунда олтурду” деген маалыматты таратты. Бирок, андан күн өтпөй эле Ниязов СИЗО-1ден эч кандай журналист менен жолукпаганын, Хабибула Абдукадыр жөнүндө маек бербегенин билдирген өз колу менен жазган каты жарыяланды. Өз кол тамгасын коюп кат жазган Фарид Ниязовдун катына ишенебизби же эч кандай жазуу же видео кайрылуусу жок эле билдирүү тараткан КСДПнын маалыматына ишенебизби. Ошол эле катарда Атамбаевдин эски жакын таанышы, орустардын бажысын көзөмөлдөгөн Андрей Бельянинов олтурган деп айтылып жаткан маалыматтарга ишенсек, анда бул катарда Атамбаевдин достору сыйлуу конок катары жайгашкан.

Фарид Ниязовдун жазган каты

Казакстандык уйгур Атамбаевдин изин Казакстанга жетелейби?

Субихи Пархатинин өмүр таржымалы менен Атамбаевдин уйгур “мафиясына” чырмалышкан изин иликтегенде, чындап эле төбө чачты тик тургузчу жагдайлар калпып чыкты. 2015-жылы сурьма кени боюнча тендерде жеңүүчү болгон ХУАСИНЬ ЖЧКнын 50 пайыз акциясына ээлик кылган Субихи Пархати 2017-жылдын 27-октябрында Атамбаевге таандык болгон НПФ “Форумдун” 50 пайыз акциясына ээлик кылып, мурунку ажо менен өнөктөш болуп чыга келет. Атамбаев өзүндө калган 50 пайыз акциясын дагы кийинчерээк Субихи Пархатиге сатты кылып өткөрүп берген. Мында келишимге Пархатинин ишенимдүү өкүлү, казак жараны Калжигит Жумабеков деген жаран кол коёт. Пархати деген ким, “доллар менен мульти миллионер” адамдын байлыгын сатып алган олигархпы? Субихи Пархати Кара-Балта шаарында кытайлык уйгур тектүү үй-бүлөдө 1991-жылы төрөлөт. Болочокто Кыргызстандын президентинин өнөктөшү болчу Пархати 3 жашка толо электе атасы апасын кызганычтын айынан өз колу менен мууздап салган деген маалымат бар. Ошондон улам, Пархатини тайатасы алып кетип, Үрүмчүдө чоңойткон. Атамбаевдин табышмактуу өнөктөшүнүн Кара-Балтада калган тайэжесинин сөзүнө ишенсек, Субихи сабатсыз, кыргызча, орусча жаза албайт, чөнтөгүндө “маршруткага да акчасы жок” бала. Эл таңкалгандай “доллар менен мультимиллионер” эмес. Өз аялын мууздаган кылмышкер атасы Казакстанга качып кеткенден кийин, кээ бир маалыматтар боюнча уйгур тектүү Алижан Ибрагимовдун жакын санаалашы болууга үлгүрөт. Чоңоюп калган уулу Субихи менен элдешип, аны өз жанына чакырат. Ошол баланы “подставное лицо” катары алгач Атамбаевдин “НПФ Форум” фирмасынын 50 пайыз акциясын, кийинчерээк 100 пайыз акциясын жаздыртып, экс-президентке эбегейсиз чоң каражаттарды “фирманы сатканынан адал тапты” деп легалдаштырып беришет. Атамбаев өзүнүн өнөктөшү болгон Пархатинин “шефи” катары Хабибуланы айтып жатат. Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы Атамбаев өз каражатыма “7-апрель шейиттери” деген мечитти салдырып жатам, өзүмдүн жеримди мечитке бердим, мечитке кеткен каражатты дагы өзүм табам деп айтканы элдин эсинен чыкпаса керек. Ошол жер “НПФ Форумга” тийиштүү болгон.

“7-апрель шейиттери” мечити

Юридикалык тил менен айтканда “НПФ Форумдун” 100 пайыз акциясына Субихи Пархати ээлик кылган соң, ал мүлк дагы уйгур “мафиясына”, тагыраагы Пархатинин “шефи” Хабибула Абдукадырдыкы. Демек, мечит дагы Атамбаевдин каржысына эмес, Хабибуланын миллиондоруна салынган болуп калабы? Жок, андай эмес дейин десең, чындык ошондой болуп чыркырап жатпайбы, бурадар.

Субихинин өмүр таржымалындагы атасы менен кеткен из айтылуу “Граф” деген ат менен таанылган олигарх Алижан Ибрагимовго алып барууда. Андай болсо “Граф” менен Хабибуланын дагы байланышы бар болуп чыгабы? Пархатинин атасынын дареги Казакстандан чыкса, Хабибула казакстандык уйгур болуп атса, Пархатинин атынан НПФ “Форумдун” акцияларын алган келишимге казактандын жараны кол койсо, “Граф” казактардын олигархы болуп саналса, кыргыз коомчулугу иликтеп бүтө албай жаткан Атамбаевдин байланыштарынын бир бөлугү Казакстанда жаткан жокпу? Атамбаев эч качан өзү тааныбаган адам менен өнөктөш болмок турсун, жанына жакын жолотмок эмес. “Граф” менен мамилеси бар экени буга чейин деле айтылып келген. Алижан Ибрагимов Атамбаевдин 60 жылдык юбилейине келип, кадырлуу конок болуп кеткен. Экөөсүн көмүр мафиясы дагы бириктирет. Бишкек ТЭЦке 2013-жылдан 2018-жылга чейин Ибрагимов ээлик кылган “Шабыркуль” көмүрүн ташып келүү коррупциялык схеманы Атамбаев өзү көмөзөлдөгөн. Бул схемадан дагы миллиондогон доллар саналуу эле адамдын катышуусу менен чыгарылып кетет. Азыр Атамбаевге коюлган айыптардын бири көмүр коррупциясы болсо, аны аткарган Болот Абиров өлкөдөн качып кеткен. Тилекке каршы, көмүрдөгү кара система дагы азыр деле уланып жатат. Энергетика боюнча эксперт, коомдук ишмер Расул Умбеталиев быйыл дагы “Графтын” системасы ишке ашканын, бүгүнкү өкмөт ошол системаны улантууга кызыкдар болгонун маалымат жыйын өткөрүп, ачык айтып чыккан.

Уйгур “мафиясы” же болбосо көмүскө каражаттын “карышкырларынын” чынжырын түзгөнүбүздө Атамбаевсиз куралбай турган болуп чыкты. Хабибула Абдукадыр (Казакстандык уйгур) – АКА компаниялары (Европа, Дубай, Түркиядагы  Айбибулалардын компаниялары) – Кыргызстандагы АКА компаниялары (АКА ИНВЕСТ жана АКА МИНЕРАЛЗ туунду компаниялар) – ХУАСИНЬ ЖЧКсы (Пархатиники, АКА баш ийген компания) – Пархати (АШАнын өнөктөшү) – Хабибула (Пархатинин шефи). Ушул чынжырдан Атамбаевди кантип бөлүүгө болсун.

Кыргызстанда АША түптегөн конгломерат

Өлкөдөн чычкан жөрмөлөсө да көзөмөлгө алчу системаны Атамбаев 7 жылда катуу бекемдеди. Анын бийликтен кеткенден кийин “Билген эмесмин, жаңылыптырмын” дегени карандай калп. Буга өзү да ишенбейт. Атамбаев бир кездеги шоопуру И. Илмияновго экономика жана кадрды көзөмөлдөтсө, С. Исаковго тышкы байланышты ишенип тапшырса, А. Сегизбаев менен Дене-тарбия институтун араң окуп аяктаган Б. Сүйүмбаевге УКМКны башкартса, дагы бир шоопуру Э. Сопоковду салык кызматына алып барса, жансакчысы У. Исраиловду ИИМге олтургузса, К. Кулматовго бажыны берсе, Ф. Ниязов идеологу катары эмгек өтөгөнүн тизмектегенде, өлкөдөн миллиондогон акчалар бул топтон айланып өтө алмак эмес. Райым Матраимов өзүм билемдик кылса беш мүнөткө жетпей башы кетмек. Айэркен Саймаитинин Кыргызстандан чыгарган эң көп миллиондору 2013-2014-2015-жылдарга туура келет экен. Ушул жылдары 502,6 млн долларды чет өлкөлөргө которуптур. Атамбаев дагы ушул жылдардан баштап өзүнүн мультимиллионер адам болгонун кайра-кайра сүйлөй баштаган. Кыргыз экономикасындагы миллиондогон артка кетүү, карызга батуу дагы ушул учурга туура келет. Бул дал келүүбү же миллиондордун изине байланышы барбы? Мисалы, Кыргызстанга кирген бензиндин көрсөткүчү 2013-жылы 801824,3 тоннага жетип, ошондон казынага акча түшсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 618437,7 тонна деп көрсөтүлгөн. Бир жыл ичинде бензинди колдонгондор ушунчалык төмөндөгөн дегенге ким ишенет? Атамбаевдин командасы кирген бензинди көрсөтпөй, миллиондогон акчаны сол чөнтөккө урганынын белгиси ушул да. Спирт ичимдиктеринде 2012-жылы 1615,2 миң дал деп көрсөтүлүп, ошондон акциздик салык алынса, 2015-жылы 890,1 миң далга акциздик салык чогулган. Бул тармакта дагы миллиондор казынага түшпөй, конгломератка агылып турган. Тышкы карыз боюнча Кытайдын Эксимбанкынан эле алган кредиттин суммасы 2014-жылы 1115 893 долларга жетсе, 2015-жылы 1296 397 долларга көтөрүлгөн. Бул акчалардын дайынын таппай, конгломераттын мүчөлөрү айыпталып олтурат. Саймаитиге дипномуру менен машинасын берип калкалаган адам дагы Атамбаевдин көздөй кишиси, салык тармагын көзөмөлдөгөн кадры, андан кийин Түркияга консул болуп барган адам болуп жатпайбы. Ушундай бекем чырмалышкан союз миллиондорго эч кандай тийешеси болгон эмес дегенге ким ишенет? Райымды, Сооронбайды ушул тема менен элге бөкөчө, монстр кылып көрсөтүү уят иш эмеспи? Матраимовду суттөн ак деп актагыбыз келбейт. Күнөөлүү болсо ал дагы жоопкерчилик тартышы керек. Президент Жээнбеков ушул системаны сындырып, бир эле топтун кулкунуна куюлуп жаткан финансы булагын казынага бурууга болгон кудуретин жумшоого милдеттүү. Ушуну менен айтчу сөздү токтотуп туралы. Кийинкисинде “Абу-Сахий”, акча маселеси, Райым Матраимовдун бажыдагы таасири, Атамбаев менен Матраимовдун мамилеси, экөөсүнүн ортосундагы ажырым, Саймаити тууралуу сөз кылабыз.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: