Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Күн тартибинде кызматташууну кеңейтүү жана аймактагы өлкөлөрдүн жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелери турат.
Консультативдик жолугушуу тар курамда башталарда делегация башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болду. Андан кийин жыйын кеңейтилген курамда улантылат.
Экинчи Консультативдик жолугушууга Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев катышып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ