Menu

Хизб-ут-Тахир» уюмунун төрт мүчөсү уюмдан өз ыктыяры менен чыгып кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-ноябрда Ысык-Көл облусунда диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы форум болуп өттү. Бул тууралуу облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, аталган форумга диний ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, терроризм жана экстремизмге каршы жасалып жаткан иштерди талкуулашкан. Анда агымдан адашып, алданып Сирияга кеткендердин тагдыры тууралуу сөз болгон. 2015-жылдан баштап Ысык-Көл облусунан 53 адам Түркия аркылуу Сириядагы согушка кеткени, алардын арасында өспүрүмдөр да бар экени айтылган. Ошондой эле ушул жылдын 11 ай ичинде эле экстремизм боюнча 36 факт катталып, төрт факт улут аралык кастыкты козутуу багытында болгону маалым болгон. Ыкчам профилактикалык иш-чаралардын негизинде «Йакын-Инкар» уюмунун 29 мүчөсү каттоодон чыгарылып, «Хизб-ут-Тахир» уюмунун төрт мүчөсү уюмдан өз ыктыяры чыгып кеткен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: