Menu

Бермет Букашева, журналист: “Азаттыкты” жетекчилигинин өзүм билемдигинен, коррупциясынан сактап калуу керек”

Бөлүшүү:

– «Азаттык» чынчыл, эркин маалымат каражаты катары таанылган. Аны азыр жетекчилигинин өзүм билемдигинен, коррупциясынан сактап калуу керек. «Азаттык» үчүн бир иликтөө жасап коюп, ошол иликтөөгө калкаланып жүрө берүү өтө ыңгайлуу болуп жаткандай сезилүүдө. Эми ким «Азаттыкты» сындап койсо эле автоматтык түрдө Раим Матраимовдун тарапташгары деп жаалашууда. А мобу көрсөтүүнү (ред. А.Бекназаров менен маекти белгилеп) Раим тууралуу айтуудан баары коркуп турганда НТСке даярдаган элем, ал телеканал чыгаруудан баш тартып койгондо «Азаттык» абалды көрүп туруп унчуккан эмес. Цензурага каршы үн катып коюунун ордуна, ал көрсөтүүнү узакка чейин эфирине койбой, кайра-кайра коюлган талаптан кийин обого чыгарышкан. Айтмакчы, Бекназаров тууралуу көрсөтүүнү болушунча кескилешиптир. Дырылдаевдин «Кумтөр» президенттерди улам сатып алып жатканы тууралуу айтканын, өтө курч жерлерин кыркыптыр.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: