Menu

Алмазбек Атамбаев сотко күч менен алынып келинди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-ноябрда Биринчи май райондук сотуна мурунку президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап, күч менен алып барышты. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Райондук сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши тууралуу соттук отурум жабык эшик артында каралууда.

Эске сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Бул иш боюнча алгачкы сот отуруму 11-октябрда башталган. Ал боюнча сотко экс-президент катышуудан баш тартып келген. Батукаевдин иши боюнча жалпы 19 адам айыпталууда, алардын арасында мурдагы эки генпрокурор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: