Menu

Ысык-Көл жээгиндеги токой фондунун жерлери кантип сатылган?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын токой фонду 2 млн 676 миң гектар жерди түзөт. Анын 23 миң 289 гектары ижарада. Бул тууралуу 29-ноябрда ЖКнын КСДП фракциясынын жыйынында Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Шерипов айтып берди.

Анын айтымында, жыл сайын ижарадан бүджетке 55-60 млн сом түшүп турат.

Депутат Аалы Карашев Ысык-Көлдүн айланасындагы токой фонду жөнүндө сурады.

Э.Шерипов Көлдүн айланасында 18 миң гектар корук, ал эми токой фондунун 20 миң гектар жери бар экенин маалымдады.

Депутат токой фондунун канча гектарына пансионаттар салынганын сурады.

Өкмөттүн өкүлдөрү инвентаризация көрсөткөндөй, бүтүндөй республика боюнча токой чарбасынын 7 миң гектар жерине курулуш түшкөнүн, бирок ар бир облуста канча гектар кеткени тактала электигин айтышты.

“Силердин мамлекеттин жерине болгон мамилеңер ушундай. Ушул маселеге жакшылап көңүл бөлгүлө. Көлдүн айланасындагы жерлерди качан, кимдин тушунда берилгенин билбейм. Эң биринчи кезекте токой чарбасынын кызматкерине 1 гектарды 50 сомдон беришкен. Андан кийин үстөк ижара кылып, ал 10 миң доллардан 49 жылга саткан. Бул мамлекеттик жерлер”, – деп Аалы Карашев аябай нааразы болду.

Анын айтымында, ижарага алгандарга жеңил-желпи конструкция курганга уруксат берилет, бирок ири имараттар салынып калган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: