Menu

“Азаттыктын” иликтөөсүнүн артында “сем байкелердин” саясай схемасы барбы?

Бөлүшүү:

«Азаттык» радиосу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (ОССRР) Кыргызстандагы өнөктөшү «Клооп» маалымат агенттиги менен биргелешип «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсүн 21-ноябрда жарыялап, ал коомчулукта эки ача пикирди жаратты. Учурда социалдык тармактарда катуу талкууланууда. Иликтөөгө удаалаш 5-каналдын жетекчиси Эрнис Кыязов «Ток этээри» берүүсүнөн удаасы менен «Азаттык» үналгысын жиликтеген эки анализ жасады. Айрым топтор кырдаалдан пайдаланып, 25-ноябрь күнү «Коррупцияга каршы» деген аталышта митинг өткөргөнгө жетишти. Биз эки тараптып жүйөөсүн анализдеп көрүүнү чечтик.

Туура, коррупцияга каршы күрөш тынымсыз жүрүп турушу керек, мамлекеттин капчыгына кол салган алкымы кең жемкорлор жазаланып турушу шарт. Буга эч ким каршы эмес, жумурай журттун баары колдоого алаары бышык. Ал эми журналисттик иликтөөлөр болуп, коррупционерлердин кокосуна кылкан болуп сайылышы да зарыл, бул дагы биздин жаңыдан телчигип келаткан демократиялык коом үчүн аба менен суудай керек. Албетте, жасалган иликтөөлөр таразаланып, укук коргоо органдары тарабынан тыкыр текшерилиши шарт. Дегенибиз, жарыяланган материалды бүкүлү бойдон дароо туура, чындык деп кабыл алыштын өзү осолдук, шашылгандык болуп калат.

Непадам, өлкөдөн чыгарылган 700 миллион АКШ долларды жалгыз бир адамга байлай коюу оңой, бирок, анын чындыгы барбы деген суроо оркоюп турат. Маселен, иликтөөдөгү жылдар Алмазбек Атамбаев бийликте турган учур, бул бир. Экинчиси, Эдил Байсалов аны иликтеп, чыгарылган акчаларга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айткан. Үчүнчүсү, аталган акчалар өлкөгө кирген товарлардыкы экени, бизнесмендер бирден эмес, чогулуп чыгарып кетээри белгиленип жатат.

Демек, акчалар кимдики экени далилдениши керек. Анан кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө таянып, же өз алдынча иликтөө жүргүзүп, кайсы бир инсанды каралоонун өзү адилеттүүлүккө жатпай калат.

Иликтөө кайсы бир күчтөр тарабынан бийликке карата чабуул катары жасалганы да толук мүмкүн. Иликтөө социалдык түйүндөргө түн ичинде, элдин баары оор уйкуда жатканда жарыяланды. Жарыкка чыгары менен Ирина Карамушкина Президентке импичмент жарыялоону жазды. Комментарийлер жаады. Көп өтпөй митинг чакырыгы башталды. Бул уюшкандуулуктун, алдын ала даярдалгандыктын белгиси эмеспи? Ооба, коррупция темасы элдин кыжырын кайнатат, көңүлүн өзүнө бурат. Мындан улам бийликти аңтара түшкүсү келгендер так ушул өзөктүү теманы тандады.

Эске салсак, Атамбаев жайында Россияга барганда орус лидери Владимир Путин узакка күттүргөн жолугушуудан соң, 15 мүнөт гана сүйлөшүп жолго салган. Андан көп өтпөй орус лидери кыргызстандыктарды Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырган. Шаабайы сууп кайткан Атамбаев жакындарына, тегерек четиндегилерге шек билдирбей «баары жакшы» деген ишарат бергени менен Кремль менен ичинен кош айтышып, океандын ары жагы менен мамиле түзүүнү максат кылганы тар чөйрөдө айтылган. Ал аракети көп өтпөй «америкачыл» Равшан Жээнбеков менен коюн-колтук алышып калгандыгынан билинген. Минтип убакыттын өтүшү менен журналисттик иликтөөлөр дагы аны тастыктай баштады. Мындан улам «Азаттыктын» иликтөөсүнүн аркасында «сем байкелердин» схемасынын карааны көрүнгөндөй туюлууда.

Кийинки жылы шайлоо экенин жана Кыргызстан геосаясий кызыкчылыктардын кесилишинде жайгашкан өлкө экенин эске алсак, бул жерде үлкөн державалардын кызыкчылыктарынын чайпалышы толук мүмкүн. Шайлоо менен кырдаалды чайпалтуу оңой, кытмыр саясатты жургүзгөнгө эң ылайыктуу жагдай түзүлөт. Дүйнө практикасында бул колдонулуп жатат. Маселен, буга чейин Ирак, Сирия, Ливия, Йемен, Египет, Ливия, Украина сындуу бир топ өлкөлөрдү шайлоо маалында олку-солку кылган. Сирия, Йемен, Венесуелла сындуу бийлиги бекем өлкөлөр каршы туруп, моюн берген жок, бирок мамлекети талкаланды, азыркыга чейин кан төгүлүүдө.

Адегенде социалдык маселе, мисалга, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу маселе менен коомдун нааразычылыгын жаратып, анан максатын ишке ашыруу – дүйнөлүк технология. Жөнөкөй бир социалдык маселе менен башталган акциялар аягы көрүнбөй уланып, кан төгүүгө чейин жетип жатат. Дүркүрөп өнүккөн шаарларын күлгө айлантып коюшту. Кыскасы, Сооронбай Жээнбеков үчүн эң жооптуу учур келди. Буга чейин ички саясий күчтөрдү сүйлөшүү жолу менен ынтымакка тартып, тынчтыкты сактап келсе, эми тышкы чакырыктарга туруштук бериши зарыл.

Албетте, бул социалдык тармактагы такталбаган маалымат. Бирок, Кыргызстанда социалдык тармактын күчүн баарыбыз билебиз. Жада калса кээде мамлекеттик органдар, атүгүл президенттин аппараты да социалдык тармактарла айтылган жарандардын суроо-талаптарына жооп берип жиберишүүдө.

Ошондуктан, бул маалыматты чалгындоо органдары текшерип, ак же көк деп коюшу керек деп эсептейбиз. Неси болсо да, калчабай жатып дагы калчанып калбайлы. Баса, ЖЭБ боюнча соттук процесс аягына жетип, кылмышка шектелгендердин айыбы угула баштады. Жакынкы күндөрү судьянын өкүмү окулганы турат. Батукаевдин иши ооюнча соттук отурум эң башкы чекитине жетти. Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор боюнча иш аягына келди. Мына ушундай шартта «атамбаевчилер» жандалбастап өздөрүнүн акыркы аракеттерин көрүшүүдө.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: