Menu

Замир Жоошев, адвокат: «Изоляторго кирген жаш балдарды ыңгайсыз абалга калтырбаш үчүн Атамбаев сотко келди»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-ноябрда, Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү жабык эшик артында улантылды. Бирок, тараптар иштин материалдары менен таанышууга убакыт сураганына байланыштуу 6-декабрга жылдырылды.

Бүгүнкү соттук отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаев адвокат С.Слесаревдин айтымында, күч менен алынып келинген. Буга чейин ал процесске катышуудан баш тартып, тергөө абагындагы камерадан чыкпай келген.

Алмазбек Атамбаевдин дагы бир адвокаты Замир Жоошев Атамбаев сотко мажбурлоо жолу менен келгенин жана тергөө абагынан алып чыгууда каршылык көрсөтпөгөнүн баса белгиледи: “Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, аны алып чыгуу үчүн тергөө изоляторуна жаш балдарды киргизишиптир. Аларды ыңгайсыз абалга калтырбаш үчүн абалды туура түшүнүп сотко келиптир. А чынында өз эрки менен келген жок, мажбурлап алып келишти, – дейт З.Жоошев.

Эске сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Бул иш боюнча алгачкы сот отуруму 11-октябрда башталган. Ал боюнча сотко экс-президент катышуудан баш тартып келген. Батукаевдин иши боюнча жалпы 19 адам айыпталууда, алардын арасында мурдагы эки генпрокурор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: