Бүгүн, 29-ноябрда Александр Емельяненко менен Михаил Кокляев мушташат. Бул таймашты уюштургандар көп. Бирок жалгыз РЕН-ТВ каналы көрсөтөт.
Эми мушкерлер жөнүндө эки сап баян:
Александр Емельяненко жөнүндө өтө кыска – Самбодон баштап, далайын утуп, ММАга киргени дүйнө жүзүндө далайды былчылдатып, утулуп да, утуп да, келатканы келаткан. Ал жөнүндө пикирлер ар кандай. Бирок жаш курагы спорт дүйнөсүнө азыр туура келбейт. 81-жылкы. Азыр мындай мушкерлер расмий мушташка катышпайт, демек, А.Емельяненко 31 жашта. Анын атаандашы – Михаил Кокляев. Ал ким? Орусиянын эң күчтүү кишиси аталган. Рекорддорун айтып бүтө албайсың. Поюз, кеме, КАМАЗ, негизи эң оордун баарын сүйрөгөн. Михаил – 1978-жылкы, 41 жашта, Орусиянын эң күчтүү баатыры аталган. Эми экөөнүн таймашы гана чечет. Видеону Рен-ТВдан издеп көргүлө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ