Menu

Сооронбай Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат

Бөлүшүү:

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу байланыштырат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ал белгилегендей, бизди дүйнөлүк рынок менен байланыштыруучу транспорттук-коммуникациялык тармакта ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү.

«Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Буга байланыштуу эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизге мүмкүн болгон бардык багыттардагы транспорт-транзиттик коридорлорду өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарыл», — деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.

Сооронбай Жээнбеков аймактагы оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртууну же тараптардын аймактары боюнча транзиттин тартибин жеңилдетүүнү сунуштады.

«Кыргызстанда жаңы жолдорду куруу, азыркы жолдордун сапатын жакшыртуунун эсебинен транзиттик потенциалды жогорулатуу актуалдуу. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 13 магистралдык автоунаа жолдорунда курулуш иштери жүрүүдө. Жол тармагындагы эң ири долбоор — бул Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу Европа жана Азиянын ортосундагы өз ара байланыштыруучу көпүрө катары аймактын транзиттик дараметин сезилээрлик жакшыртат», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: