Menu

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: “Азыр “Азаттык” реформага абдан муктаж”

Бөлүшүү:

—«Азаттык» мыкты иштейт, бирок өзүнүн уставдык милдеттерин өтө начар аткарат. Уставында жазылып турат: «Азаттык» демократиялык баалуулуктарды пропаганда кылат»-деп. Бирок, демократиялык баалуулуктар, принциптер, стандарттар деген нерселерди пропаган да кыла албай келет. Буга эң биринчи иретте анын жетекчиси Венера Жуматаева күнөөлүү. Мен Венера менен бир топ жолу атайы жолугуп сүйлөшкөм. Бирок ал киши демократиянын терең маанисин түшүнбөгөн, журналисттердин күчүн демократиянын негизги баалуулуктарына бура албаган жетекчи экенин билдим. Ушул себептен мүмкүн Кыргызстанда демократия жөнүндө түшүнүк калыптана алган жок. Төңкөрүштөр болду, бирок мамлекет өзгөрбөдү. Конституциялар өзгөрдү, бирок алар демократиялык системага жакындабады. «Азаттык» информацияны, күнүмдүк саясий интригаларды, курч социалдык маселелерди чагылдыруу менен гана алек болгон радио болуп калды… АКШнын Конгресси аз эмес каражатты «Азаттык» уставдык негизги максатын аткарсын деп берип жатат. Азыр «Азаттык» реформага абдан муктаж.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: