Menu

Талас облусунда 10 айдын ичинде 182 өрт кырсыгы катталды

Бөлүшүү:

Талас облусунун аймагында 2019-жылдын 10 ай  ичинде 182 өрт кырсыгы катталган материалдык чыгым 8 млн 131 276 сомду түзгөн, ал эми 2018-жылдын 10 ай ичинде 164 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 5 млн 325 947 сомду түзгөн, салыштырмалуу 10,9% көбөйгөн. Өрттүн көбөйгөндүгүнүн себеби, күндүн кескин ысык болгондугуна байланыштуу, Манас, Кара-Буура райондорунда кургак чөптөрдүн күйгөнү күндөн күнгө өсүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Өрттөн 2019-жылы сакталып калган мүлктүн баасы 101 мин 734 сомду түзсө, 2018-жылы 76 мин 915 сомду түзгөн 32,3% көбөйгөн. Ал эми 2018-жылы 1 адам каза болуп, 1 адам жаракат алса, 2019-жылы өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, ал эми 3 адам ар кандай себептер менен күйүк жаракат алган.

2019-жылдын 10 айында Талас облусунун өрттүн алдын алуу бөлүмдөрү тарабынан өрт коопсуздук чараларын калкка кеңири жеткирүү, адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында, турак жай секторунда жана мекеме-уюмдардын, ишканалардын жамааттары менен жолугушуулар уюштурулуп өрт коопсуздук эрежелерин элге үйрөтүү максатында жалпы 57430 адамга өрткө каршы нускоолор, лекциялар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Негизги өрт кырсыктарынын келип чыгуу себептери: 

– Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу — 48 өрт (26,4%)

– Тамеки чегүүдөн кеткен кайдыгерлик –24 өрт (13,2%)

– Эл.шаймандарды техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан (кыска туташуу) – 37 өрт (20,3%)

– Балдардын от менен ойноосунан – 25 өрт (13,5%)

– От жагылуучу мештен, мештин түтүн өтүүчү жеринен кеткен- 7 өрт (4,1%)

– Жана башка себептер –41өрт (22,5%)

Өрттүн басымдуу бөлүгү Кара-Буура районунда 60 өрт -(33%)

Манас району 38 өрт-(21%),

Талас шаары 35 өрт-(19%),

Талас району 28 өрт-(15,4%),

Бакай-Ата району 21 өрт-(11,6%) кырсыгы катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: