Menu

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКМК ТИЗОсуна барып, камакка алынган блогер Афтандил Жоробековго жолукту

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-ноябрда, Акыйкатчы аппаратынын  Жарандык –саясий  укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкери УКМК ТИЗОсуна барып, камакка алынган блогер Афтандил Жоробековго жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу маалында А. Жоробековдун жанында  жеке жактоочу Тимур Султанов менен “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчисинин орун басары Бектур Осмонбаев болгон. Андан тышкары, Акыйкатчынын өкүлү менен бирге  Кыйноолорго каршы улуттук борбордун эки өкүлү дагы камактагы адам менен маектешти.

Афтандил Жоробеков тарабынан кармоо шарттарына жана тамак-ашка  даттануу болгон жок. Камактагы адам өзү маалымдагандай, убактылуу кармоочу жайга кирип жатканда фельдшер текшерген, ден соолугуна даттануу жок. Ошондой эле  ага карата коркутуу жана кыйноолор болгон эмес. Ал КР Акыйкатчысына жазуу түрүндө кайрылуудан баш тартып, “Менде эч кандай арыздануу же талаптар жок, бир жакка же бирөөгө кайрылайын деген да оюм жок” –деп айткан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: