Menu

Кызыкчылыктын “ураан-араандарына” азгырылып, “тешик тепши” менен калбайлы!

Бөлүшүү:

Коомчулукту уу-дуу кылган журналисттик иликтөөлөрдүн тамырында «жыландын башы» кылайганы ачык байкалууда. Сөздү буйтактатпай түз айта турган болсок, кызыкдар тараптар «Раим миллионду» эмес, Президент Сооронбай Жээнбековду бутага алышууда. Демек, «Азаттык» баш, башкасы төш болгон маалымат таратуучулардын артында үлкөн «дирижер» бар, алар компроматтарды чыгаруу менен саясий абалды чыналтууга кусамат урушууда. Жарандардын бийликке болгон ишенимин кетирсе, нааразычылык көбөйөт да, акциялар, митингдер башталат. Мына «иттин өлүгү» кайда көмүлгөн?! Тышкы күчтөр ушуга кызыкдар болууда. Ал ким болушу мүмкүн деген суроо менен иликтесек, Батыш өлкөлөрү менен АКШнын кулагы көрүнүүдө. Маселен, Россия менен Кытайга кыргызстандын туруктуулугу керек. Алар ар тараптан колдоого алып ири долбоорлорду ишке ашырууга камынышууда. Бул албетте Батыштын түн уйкусун бузуп, тоскоолдук жаратууга аракеттенүүдө. Мындан улам Батыштын атайын кызматтары Американын акырынан жем жеген «Азаттык» аркылуу алгачкы маалымат чабуулун жасады. Эми сөзсүз 2020-жылдагы шайлоого карата эл менен бийликти кагылыштырыш үчүн 2-кадамын шилтейт. Сириядан куулган террористтик топторду киргизип, өлкөдөгү криминалды активдештирип, жыйынтыгында революция жасаганга аракеттенет. Ишке ашпаса жарандык согуш тутантышы ыктымал.

Маселен Ирак согушун карайлычы, америкалыктар «Саддам Хусейинди кулатып, биологиялык курал табабыз» дешкен. Аскердик күч менен Саддамды кетиришти, курал табылган жок, ал эми Ирак согуштун очогуна айланды. Бүгүн дагы кан төгүлүп жатат. Болгону Ирактын нефтиси башка кожоюнга өттү. Көрсө, Ирактагы согуштун максаты ирактыктарды эркиндикке чыгаруу үчүн эмес, нефтисин алуу жана Жакынкы Чыгышка чыңалуучу очокту түзүү болгон экен. Ливияда дагы ошондой. «Кетпес ханга каршы күрөш» деген лозунг айтылып, жергиликтүү оппозиция менен башаламандык уюштурулуп, бийлик кулатылды. Ошондон бери башаламандык өкүм сүрүүдө. Андан пайлаланган тышкы кожоюндар нефтиге ээлик кылып олтурушат. Анын сынары, бизде дагы корруппияны бетке кармаган түр көрсөтүп, социалдык абалды чыңалтууга, элди митингге чыгарууга аракеттенүүдө. Ооба, системадагы коррупция бизде жаңылык эмес, кландык топтор, трайбализм, коррупция, криминал, контробанда, наркотик ж.б. ириген иштер Кыргызстанда кечээ же бүгүн башталган жок, тамыры Акаевдин мезгилинде жатат. Бул бир кишини камоо менен бүтпөйт. Баса,«Азаттык» материалды жарыялаш үчүн Саймаитинин өлүмүн күткөнү чоң суроо жаратат. Кытай бизнесмени эмне үчүн бүт материалды берген жок деген суроо жоопсуз турат.

Ошондой эле Саймаити өзүнүн ыктыяры менен бергенине ким кепилдик бере алат? Ал Батыштын атайын кызматынын тузагына илинип, аргасыздан берип жүрбөсүн деген суроону неге талдаган эмес? Айтор, чындыгынан жалганы, аныгынан апыртмасы көп иликтөөлөр Батыштын атайын кызматынын «кекиртегинен» илинип калганы аныкталды. Алар азыр «адилеттүүлүк үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн» деген ураан алдында «жоопкерчиликке тарт», «кама» деген талаптарды коюп жатышат. Коррупция шылтоосу менен кагылышууга түртүүдө. Биз мындай чакырыктарга 2005-жана 2010-жылы күбө болгонбуз, жаңы бийлик жакшы жашоону убадалап, бирок жыйынтыгында эл жомоктогудай тешик тепшиси менен калган. Куру намыстан ондогон азаматтарыбыз шейит кеткен. Өлкөбүздү чайпалтып албайлы.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: