2020-жылдан тарта болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйтүлөт. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште билдирди.
Анын айтымында, педагогикалык багытта билим алган студенттердин стипендиясын көбөйтүү үчүн 2020-жылдын бюджетинде 20 миллион сом каралган. Ошондон улам, болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйөт. Мисалы, мурда 800 сом алган студенттер, эми 1 миң 600 сом алышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ