Бишкек шаарындагы электр жарыгын өз убагында төлөбөгөн 2200дөн ашуун абоненттердин электр жарыгы дистанциондук түрдө өчүрөт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, абоненттердин карыздарынын суммасы 3,3 миллион сомду түзгөн. Абоненттерди эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырган жана дагы эле чакырат. Тейлөө борбору 6 күн тыныгуусуз таңкы саат 08:00дөн 17:00 чейин, ишемби күнү, саат 08:00дөн 12:00 чейин иштейт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ