Menu

Видео – Бажы кызматынын орун басары Замирбек Карашев “Азаттыктын” иликтөөсүн четке какты

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы  “Торугарт” өткөрмө пунктуна атайын ЖМК өкүлдөрүн чакырып, пресс-тур өткөрдү.

Анда мамлекеттик бажы кызматынын орун басары Замирбек Карашев журналисттерге берген интервьюсунда, өткөн жумада жарык көргөн “Азаттык” радиосу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (ОССRР) Кыргызстандагы өнөктөшү «Клооп» маалымат агенттиги менен биргелешип «Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсүндөгү айтылган бажыдагы махинациялар тууралуу айтылгандарды официалдуу түрдө четке кага турганын билдирген.

“Бул ойду мен официалдуу түрдө четке кагам. Себеби, жүк келгенге чейин бизде маалымат бар болот. Ал маалыматты карап, талдап, кайсы жүк келерин билип турабыз. Андан сырткары жети жерден көзөмөлдөн өтөт. Радиациялык, дезинфекциялык, чек ара кызматынан, санитардык ж.б. өтөт. Андан сырткары сырт жактан келген жүк пломба менен келет. Кытай Эл республикасынын пломбасы менен келет. Ал пломбаны бузууга эч кимдин укугу жок. Себеби, пломба бузулган болсо, жүктүн ээси албай коюшу мүмкүн, сотко бериши мүмкүн” – деди бажы кызматынын орун басары.

Булак: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: