Жыл башынан тартып 145 827 балага сүйүнчү төлөндү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-жылдын 1-январынан тартып балага төрөлгөндө 4 миң сом өлчөмүндө “Балага сүйүнчү” берип баштаган. Бир жолу берилүүчү төлөмдүн механизмин КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнөкөйлөштүрүп, учурда жарандар 2-3 күндүн ичинде алышууда.
“Балага сүйүнчү” алуу үчүн болгону эки документ керектелет: баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-эненин паспорту.
Ал эми оозеки арызды жаран, Калкты тейлөө борборуна, маалымат киоскуна, же жарандык абалдын актыларын катоо мекемесине калтыруусу зарыл.
“Балага сүйүнчү” алуу үчүн жашаган жери боюнча каттоо талап кылынбагандыгын эскертебиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ