Menu

Эркин Сопоковго сот үч айыбын угузуп, чечим чыгарды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоков бир жыл камакта калды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Эркин Сопоков 2020-жылдын 28-январына чейин камакта болот. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башкы прокуратура тарабынан Э.Сопоковго карата төмөнкү беренелер боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды:

– Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу). 34 СС 2902 дипломатиялык номуру тагылган «Лэнд Ровер-Рэндж Ровер» машинасын башка адамдарга, анын ичинде А.Саимаитиге берүү факты;

– Жазык кодексиндеги 323-берененин 2-бөлүмү (мыйзамсыз баюу). Сопоковдун 200 000 доллар акча каражатын алып, мыйзамсыз баюусу, 47,6 млн сомго кыймылсыз мүлк алуу фактысы;

– Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу). Сопоков жубайынын чет өлкөдөгү иш сапары үчүн 30 пайыздык төлөм алып, бирок жубайы иш сапарга барган эмес. Ал 31 040 доллар чыгым келтирген.

Эске сала кетсек, жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Эркин Сопоковдун да аты аталган. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышынын себебин Тышкы иштер министрлиги маалымдаган.  28-ноябрда УКМКга суракка чакырылып, камакка алынган. Ал Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу колго түшкөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: