Menu

Кажарлык окуучулардын укугун коргогон 80 жаштагы карыянын кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Ш.Жээнбековго

Жалал-Абад областына караштуу

Ала-Бука районундагы

Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн

Кажар айылынын 80 жаштагы тургуну

Маматкадыр КУТМАНОВдон

Арыз

Урматтуу Эл башчылары!

80 жашымда Сиздерге арыз менен кайрылуума биздин Кажар айылында бир топ жылдан бери түзүлүп, чечилбей келе жаткан бир жагдай себеп болууда.

Ала-Бука районунун Балтагулов атындагы айыд өкмөтүндө Кажар аттуу жер мурда Тельман айылынын курамында болуп келген. 2015-жылдан баштап Кажар айылы Балтагулов айыл өкмөтүндөгү айыл статусун алган. Статуска ээ болгон учурда биздин айылда 250 кожолук жашап, адамдардын саны 1200дөн ашык болуп, айылда бир балдар бакчасы, бир ФАП иштеп турган.

Бул айылдын мектеп окуучулары коңшу айылдардан окугандыктан, мектеп куруу маселеси совет доорунан бери эле көтөрүлүп келген. Бирок, ар кандай себептер менен курулбай калып кетти. Ал эми Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин да 1997-жылы айыл жашоочулары ашар жолу менен мектеп куруп, ошол жылдын ноябрь айынан баштап окуучулар кирип окуп баштаган. Кыш чилдеде көкмуштум болуп тоңуп, 4-5 чакырым алыскы мектептерге каттап окуп келген Кажарлык балдардын ал күнкү сүйүнүчүндө чек жок эле…

Биздин айылдагы мектеп алгач 9-класска чейинки “негизги мектеп” болду. Анын артынан кошумча корпус, спорт антчаларын салууга туура келди. Буларды да эл өз күчү менен салды. Ала-Букадагы А. Ботоев атындагы № 34-орто мектеп ушинтип пайда болгон.

Кийин айыл эли тиешелүү мекемелерге кайрылып, мектепти 11 жылдык билим берүүгө айландырууну суранышты. Ушул жерден Ала-Бука райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы С. Акпаралиевдин берген жооп катын толугу менен келтирүүнү эп көрдүм:

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен 2012-жылдын 9-июлундагы чыгарылган билим берүү тармактарына оптимизация жүргузүү, ошондой эле бирдиктүү бюджеттик саясатын турмушка ашыруу боюнна №135-П буйруктарына карата Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 16-июлундагы №105-6 буйругу чыгарылган ошондой зле райондук каржы бөлүмү менен райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен 2012-жылдын 12-июлундагы №45 жана №62/2 буйруктарын аткаруу максатында атайын райондук комиссия түзүлуп, райондун аймагындагы бардык жалпы билим берүүчү мекемелеринде түшундүрүү иштери жүргүзүлдү анын натыйжасында, 2012-2013-окуу жылында Т.Балтагулов айыл округуна караштуу А.Ботоев атындагы орто мектеби негизги мектепке өткөрүлгөн.

Ал эми быйылкы окуу жылына карата ата-энелердин арызынын жана кайрылуулардын негизинде 2013- 2014-окуу жылында А. Ботоев атындагы негизги мектебинде 10-11-класстарды ачуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзулүүдө жана быйылкы окуу жылына карата ачылат.

Жогоруда түшүнүктүү болгондой, 2013-2014-окуу жылына карата А. Ботоев мектеби 10-11-класстардын базасында ачылмак. Бирок районо жетекчиси С. Акпаралиев кызматынан бошоп, анын ордуна Чынара Турдукулова деген аял шайланып калды. Мына ушул Ч. Турдукулова келгенден бери жогору жактарга ар кандай жалган маалыматтарды берип, балдардын саны жетпейт деген шылтоо менен мектепти жабууну көздөп келет. Анын Кажар айылында эмне өчү бар экенин түшүнбөйбүз.

2014-жылдан бери балдарыбыз айылдык мектептен 9-классты аяктагандан кийин кайда барып окууну билишпейт. Мисалы, былтыркы окуу жылында 9-классты 14 окуучу окуп бүткөн болсо, алардын 12си көптөгөн уруш-жаңжалдардан кийин өзүбүздүн мектептен “Кулуев мектебинин филиалы” болуп окуусун улантышты. Ал эми быйылкы окуу жылында 18 окуучу 9-классты бүтүрүп, алардын бешөө гана коңшу айылдагы мектепке барып кирди. Калгандары ар кандай шарттардан улам окубай калышты. Анткени, коңшу айылдагы мектептер биздин балдарды жакшы кабыл албайт, чоңоюп калган балдар арасында айыл-айылга бөлүнүп, уруш-талаштар чыгып турат. Кажар айылы табигый шарты татаал, тоолуу аймакта жайгашкан. Айрыкча кыш-күрөөдө башка айылдарга каттап окуу балдар үчүн кыйынчылыктарды жаратат.

Окубай калып жаткан балдардын убалы кимге?! Сүйлөсөк, “балдар – биздин келечек” деп ооз көптүрөбүз. Айрыкча, 2 жылдан бери мамлекетте жүрүп жаткан “Айылдарды өнүктүрүү” саясий программасын турмушка ашыруу алабукада мына ушундай “жапайы” түрдө жүрүп жатат.

Ала-Бука районундагы бир нече мектеп директорлору, мугалимдери БББнын жетекчиси Ч. Турдукулованын көптөгөн мыйзамсыз иш-аракеттери, “салыктары” жана туура эмес жүрүм-туруму (аморальный) тууралуу даттанып келе жатыптыр. Бирок, натыйжа жок. Тескерисинче, Ч. Турдукулова өз “өкүмүн” күчөтүп, каршы сүйлөгөндөрдү иштен бошотуп, ар бир мектепке “тыңчысын” коюп, алар аркылуу “салыктар” жыйнап турат экен. Анын мындай коррупциялык аракеттери жөнүндө райондук мектептердин жана бала бакчалардын 10 кызматкери кол коюп, Өкмөт башчы М. Абылгазиевге кайрылган арыз өкмөт аппараты тарабынан үстүбүздөгү жылдын 8-августунда “Кл – 2112” саны менен катталган. Андан бери 4 ай убакыт өтсө да алигече жооп жок. Арызда Ч. Турдукулованын “коррупциялык схемалары” фактылар менен көрсөтүлүп турат. Мисалы, мектеп директорлорун жаңыдан кызматка койгондо 10 000ден 70000 сомго чейин, ал
эми бала бакча башчыларын дайындоодо 1000 АКШ долларын алаары, КРнын Эсептөө палатасынан келген “ревизорлорго” ар бир мектеп мугалимдеринен 150 сомдон 550 сомго чейин жыйнап, “ревизорлорду” жалпысынан 10000 АКШ долларына сатып алып, өзүнө ыңгайлуу актыны жаздырып алгандыгы, тендер өткөрүүдө ишкер А. Бегматовадан 370 000 сом талап кылып алгандыгы, криминалдык топтор менен байланышы жөнүндөгү жана башка да толгон-токой фактылар бар. Айтмакчы, арызды окуп көрсөңүздөр Ч. Турдукулованын “сойкулук” жүрүм-туруму да элестүү көзгө тартылат…

Мындай адамды кызматта кармап туруу кимге пайдалуу? Ч. Турдукулованын артында ким турат? Ала-Бука элин ушул суроолор түйшөлтөт. Анткени, анын мыйзамсыз иштери жөнүндө Президентке, Премьерге, министрге, депутатка, прокурорго жазган арыздарынын бардыгы кайрылып эле Ч. Турдукулованын өзүнө “арыздагы фактыларды териштирүү үчүн” жөнөтүлөт экен. Бул жерде КРнын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби» жөнүндөгү Мыйзамынын 12-беренесинин 10-пунктунун талаптары одоно бузулуп, арызды териштирүү кайра эле “кор-башы” Ч. Турдукулованын өзүнө келип түшүп жатпайбы!?.

Урматтуу Президент! Сизди, баштагы айылдык мектептердин мугалими катары 80 жаштагы карыянын арызын терең түшүнүү менен кабыл алат деп ишенем. Урматтуу Премьер-министрдин 08.08.2019-жылдагы “Кл – 2112” саны менен катталган арызды кароого чамасы келбей жаткан көрүнөт. Ал эми Билим берүү министри Каныбек Исаков бул кызматка жаңы эле дайындалды. Урматтуу Эл башчылары, Сиздер үчөөңүздөр биргелешип, алабу-калык 80деги бир абышканын “арзыбаган” арызын карап чыгып, жообун мыйзам талаптарына ылайык билдирип коёт го деп ишенип турам: Биринчиден, Ала-Бука райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч. Турдукулованын мыйзамсыз иш-аракеттерине мыйзамдуу чара колдонуп бериңиздер! Экинчи маселе, Ала-Букадагы А. Ботоев атындагы № 34-орто мектепте 10-11-класстарды ачуунуу уюштуруп, мамлекет тарабынан балдарыбызга кепилденген, акысыз орто билим алууга болгон укуктарын камсыздап берсеңиздер!

Карысам да Кыргыз Республикасынын жаранымын! Сиздерге кайрылууга болгон Конституциялык укугумдан пайдаланып (мүмкүн акыркы ирет), мени Кудай алмак беле деп арызданып жатам. Анткени, мектепте иштегендер кайрылайын дейт бирок, “Зав. райОНО” Ч. Турдукулованын эртеңки каарынан коркот. Коомчулук кандай ойлосо өзү билсин, менин Кажар айылымдын балдарынын келечеги түздөлүп кетсе болду! Негизинен алып караганда, Кыргызстанда мыйзам бийлиги өкүм сүрүп турган болсо 80деги абышка-кемпирлер Эл башчыларына кайрылат беле!?

Дагы бир суранаарым: менин бул арызымды асти Ч.Турдукулованын өзүнө “териштирүүгө” жөнөтө көрбөгүлөчү! Суранам!

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: