Menu

Жыргалбек Касаболотов, акын, котормочу: “Жемекейлер ЖЭБдин морун жей коюп, жердин баары түтөп турат ыш сасып”

Бөлүшүү:

Кыш келип, борбор каалабызды көк түтүн каптап жатканына коомчулук нааразы болуп, социалдык тармактарга таратып, кызуу талкуулашууда. Журналист Эрлан Бекчоро уулу: “Чыныбай Акунович, Жогорку Кеңештен дагы бир жолу “Өф түтүнүңүздү” окуп койчудайсыз”,-деп жазса, коомчулук колдоду. Ал эми котормочу, акын, журналист Жыргалбек Касаболотов көк түтүн боюнча ыр чыгарып, “Фейсбук” баракчасына жайгаштырды.

Ак Үй жакты албарстыдай жүк басып,
«Ач арбактар» медианы бүт басып.
Жемекейлер ЖЭБдин морун жей коюп,
Жердин баары түтөп турат ыш сасып.

Себепчилер «семиздерин» бүт сатып,
«Сеники» деп бир-бирине шылташып,
Байкап турсак сиңире албай баратат,
Баарысы эле бир табактан туз татып.

Эл көзүнчө парламенттен мушташып,
Эми кайра шайлоо үчүн учкашып,
Эрди-катын элдешкенсип эргулдар
Эки-экиден тандем түзөт жупташып…

Чыныбай Турсунбеков, ЖК депутаты: “Түйшүк кылып алдык биз, түтүн деген балээни”

2017-жылы, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, ошондой эле “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланган. Ошондо депутат Чыныбай Турсунбеков көк түтүн жөнүндө жазган ырын кесиптештерине окуп берген.

Коомчулуктун суроосу боюнча Ч.Турсунбековдун “Өф-өф түтүнү” төмөндө: 

Өф-өф түтүн, өф түтүн,

Өч шаарыңан көч бүтүн.

Өлүм алып келем деп,

Өжөрлөнөт көк түтүн.

ТЕЦтен чыгат көк түтүн,

Мештен чыгат көк түтүн,

Машиналар чубаса,

Чубайт арттан көп түтүн.

Түтүн менен түртүшүп,

Күндө баарын сүртүшүп,

Бүтө электе көктө күн

Түтүн деген түгөттүн,

Түгөнбөсүн байкашат.

Өф-өф түтүн, өф түтүн,

Өлүп кеткир көк түтүн.

Өрдөк мурун жүлүндүү

Өпкөбүзгө өч бүтүн.

Күнү каптайт калааны,

Түнү каптайт калааны,

Түйшүк кылып алдык биз,

Түтүн деген балээни.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: