4-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалыматты Кыргызгидромет борбору таратты.
1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
2-декабрда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
3-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
3-декабрда күндүз жана 4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ