Укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине 2018-жылдын июлунан бери 1 млрд 909,7 млн сом келип түшкөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет келтирет.
Бардыгынан көп санда акчаны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызмат (941,5 млн сом) жана Башкы прокуратура (328,3 млн сом) которушкан. 332,7 млн сомду УКМК жана 7 млн сомду ИИМ которгон.
Эскерте кетсек, бул эсеп экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча зыянды калыбына келтирүүнүн эсеп-кысабын билип туруу үчүн ачылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ