2019-жылдын январь-октябрь аралыгында Кыргызстандын казынасына патент ээлери 2 млрд 231,8 млн сом салык төлөшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин бүджетти аткаруу жөнүндө отчетунда айтылат.
Анын ичиненен ыктыярдуу патенттин негизинде салык 1 млрд 977,8 млн сомду түзсө, милдеттүү төлөнө турган патент – 254 миң сомду түзгөн.
Патент салыгынан тышкары чакан ишкердик кылгандар үчүн бирдиктүү салыктан – 248,7 миң сом түшкөн.
Кошумчалай кетсек, атайын режим боюнча салыктар жергиликтүү бүджеттерде калат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ