Евразиялык экономикалык комиссиянын төрагасы Тигран Саркисян кыргыз депутаты Кенжебек Бокоевдин Кыргызстан ЕАЭБден чыгып кетүү жөнүндө оюна жооп кайтарды:
“Мындай пикирлер бир гана Кыргызстанда чыгып жатканы жок. Албетте, евразиялык скептиктер бар, андай сын айтылып турушу керек, эмнеге нааразы, эмнеси туура эмес болуп жатат, билгенибиз жакшы да. Биз Евразиялык биримдикке айтылган сынга көңүл буруп келе жатабыз. Ошол сын аркылуу күчтүү болуп, мүчүлүштүктөрдү жоебуз”, – деди ал.
Ал эми Кыргызстан интеграция боюнча кандай көрсөткүчтөрдү бергенин журналисттер сурашканда, Саркисян ЕЭК өлкөлөрдүн ЕАЭБге киришине комплекстүү анализ жасашканын, Кыргызстан менен Армения өсүштүн жакшы көрсөткүчтөрүн берип жатканын айтты.
“Сандар айтып тургандай Кыргызстан үчүн жаман эмес. Азыр өлкөлөр ортосундагы теңелүүгө баратат. Кыргызстан менен Армения ички дүң продукту боюнча орточо көрсөткүчтөрдөн калып келет. Ошондуктан тез өнүгүүгө багыт алуу зарыл”, – деди төрага.
Эскерте кетсек, 26-ноябрда депутат К.Бокоев парламент жыйынында ЕАЭБ өлкөгө пайда алып келбесе, чыгып кетүүнү сунуш кылган. Анын айтымында, ЕАЭБге кирерде убадалар берилип, эми алар аткарылбай жатканын келтирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ