Бул тууралуу 2-декабрда Өзгөчө кырдалдар министрлинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрт Баткен облусунун Кадамжай шаарчасындагы “Али-Нур” чайканасында болгон. Тилсиз жоонун айынан 100 чарчы метр менен бирге эмеректер күйгөн.
Өрт 1-декабрда саат 15:45те башталган. Натыйжада чайкананын 70%ы күйүп кеткен. Имарат жеңил курулуш материалдарынан салынган экен. Өрт үч сааттын ичинде өчүрүлгөн. Себеби такталууда. Жабыр тарктандар болгон эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ