Menu

“Кыргызстан президенти болом” деп жүргөн талапкер электр жарыгы үчүн төлөбөй келиптир

Бөлүшүү:

Бир кезде президенттикке талапкер болгон Акбаралы Айтикеевдин “Түндүкэлектро” ААКсынын алдында ири сумма карыз. Бул тууралуу алар менен бирге көп батирлүү үйдө турушкан тургундар айтып чыгышты. Алардын бири Чынара Исраилова соцтармактарга жазып чыкты.

Анын айтымында, “Түндүкэлектро” кышкы суукта электр энергиясын Ажыбек Баатыр көчөсүндөгү эки алты кабаттуу №2 жана №1/1 үйлөрүнүн автономдуу отун жаккан жайына бербей жатыптыр.

“Жашоочулардын укугу бузулду, 2-3 батирден башкасынын карызы жок. Бирок “Түндүкэлектро” банкрот болгон “Продсервис” ЖЧКсынын ээси Капар Чалбаев менен президентке талапкер болуп жүргөн Акбаралы Айтикеевдин карызын да бизди төлөгүлө деп жатышат. Алар 700 миң сом карыз экен”, – дейт Чынара айым.

Жашоочулар прокуратурага, сотторго, Улуттук энергохолдингдин жетекчилигине, өкмөткө, президент аппаратына кайрылышкан экен. Бирок бардыгы арыз кимдин үстүнөн жазылса, кайра ошолорго жөнөтө беришкен.

Ал эми “Түндүкэлектро” бул боюнча мындай дейт:

“Продсервис” ЖЧКсы электр бөлүштүргөн жеке компания болгон, ошондой эле бул ЖЧК электр гана бөлүштүрбөстөн, жашоочуларга жылуулук да берип турган. Бирок “Продсервис” ЖЧКсы өз милдетин аткарбай, дебитордук карызы көбөйүп кеткен. Сот аркылуу “Түндүкэлектронун” пайдасына чечилип, карыздары алынып келет. Азыр ЖЧК 1 млн 14 миң 938,39 сом карыз. Бирок жашоочуларга электр үзгүлтүксүз берилип жатат. Ал эми от жаккан жайга электр берүү токтотулган. Эми электр толугу менен сот чечими аткарылып бүткөндөн кийин бериле баштамакчы”.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: