Menu

Видео – Азамат Жаманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министри: «Искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн иш-чарага каршыбыз, ал токтотулду!»

Бөлүшүү:

27-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал иш-чарада элдин алдына дырдай жылаңач кыздар чыгып, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, кызуу талкууга алып келсе, кыргызымдын жигиттеринин кыжырын келтирди. “Аны уюштургандар жоопко тартылсын!”,- деген талап менен активист жаран Мелис Аспеков бүгүн. 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акция уюштуруп, элди чакырган. Ага бир топ адамдар ар кайсы жерден келишти. Аларды министр Азамат Жаманкулов  кабыл алып, талаптарын угуп, туура көрүп, ал боюнча өз пикирин айтты. Министр көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чара болуп аткан учурда,“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылыш аземинде болгонун жана көргөзмөдөгү жылаңач кыздар боюнча иш-чарага министрлик каршы экендигин, ал көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын баса белгилеп, аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулганын айтты. “Маданият, маалымат жана туризм министрлиги искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болуусуна каршылыгын билдирет жана заманбап искусствонун мындай провокациялык чакырыктарын колдобойт“,-деди министр А.Жаманкулов.

Министрдин позициясын жана расмий билдирүүсүн төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн (2-декабрда) болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: