Menu

Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев айыл-чарба тармагындагы 3 негизги багытты атады

Бөлүшүү:

2-декабрда айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев басма сөз жыйын өткөрүп, Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүүсүнүн негизги үч багытын атады.

Биринчи, билим менен өнөрдү өткөрүүнүн бирдиктүү системасын, ошондой эле майда фермерлерге айыл чарба өндүрүшүн киргизүү технологиясын калыптандыруу. Экинчи – кластердик мамилени киргизүү. Үчүнчү – “жашыл” айыл чарбасын өнүктүрүү.

Анын айтымында, азыр жашыл экономика менен “жашыл” айыл чарбасынын стратегиясы иштелип чыгып жатыптыр. 2019-жылы фермерлерди колдоо иретинде мамлекет жеңилдетилген кредиттер жана айыл чарба техникасы узак мөөнөткө лизинг түрүндө берилген.

“2011-жылдан бери лизинг катары 2 миң 943 даана айыл чарба техникасы берилди, 2019-жылы 307 даана”, – деди Ж.Керималиев.

Өсүмдүктөр карантини жаатында жалпы 20 млн сомго Нарында лабораториянын, 3 фитосанитардык көзөмөл постунун курулушу жүрүп жатыптыр. “2020-жылы Баткен менен Жалал-Абад облустарында 2 лаборатория, 5 ФКП салынат. “ЭЛЕК-фито” маалымат системасында фитосанитардык сертификат берилип келет. 10 айдын аралыгында карантин алдындагы продукциянын 508 миң 129 тоннасы экспорттолуп, 825 миң 518 тонна импорттолгон”, – деп Ж.Керималиев кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: