1-декабрда №1 түрмөдөн асынып өлгөн 23 жаштагы Эрлан Урматбек уулунун жансыз денеси табылган. Эрлан сыйртмакка өзү кирген деп айтылганы менен, туугандары буга ишенишпейт. Эрландын денесинен күйүктөр табылган, ал эми мойнун аркан кырчыган так жок. “Эрланды өлтүрүп эле коюшту, бирок ишти ушинтип жаап салгылары келип жатат”, – дейт туугандары.
КРнын жаза аткаруу мамкызматы бул айтылгандарды текшерүүгө алууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ