Menu

Видео – Алтын Капалова, феминналенин уюштуруучусу: «Сабатсыз эркектерге журналисттер кошулуп алыптыр»,-деп уялбай, кайра беттен алды го…

Бөлүшүү:

27-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталып, анда эл алдына дырдай жылаңач кыздар чыгып, шок кылган. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды жана дагы эле алынууда. Бүгүн, 2-декабрда ага каршы акция Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында болуп өттү. Аларды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин расмий билдирип, жылаңач дене көрсөтүүгө каршылыгын айтып, Мира Жангарачева өз арызы менен кызматтан кеткенин, ага кол койгонун кошумчалады.

Бул жыйындан кийин алгач Мира Жангарачеванын оюн укканбыз. Андан кийин музейиндеги феминналенин уюштуруучусу, куратору Алтын Капалованын пикирин уктук. Ал жылаңач кыздарды көрсөткөнүн искусство деп баалап, андан уялбасын жана ушул тема боюнча министрлик пресс-конференцияга өткөрүп, аны чакырбаганын, министрдин сүйлөгөнүн чала угуп калганын айтып, жаңылыкты журналисттерден сурады. Бул тема боюнча журналисттердин көтөрүп жатканы туура эместигин, алар сабатсыз эркектердин пикирине кошулуп алганын баса белгилеп, беттен алды. Кыскасы, жылаңач кыздарды көрсөтүүсүн туура көрөт экен, андай искусстводон уялбайт экен. Буга чейин деле ушундай иштерди уюштуруп келгенин айтты. “Кыргыздын менталитетине туура келбейт, жаштарды туура эмес жакка үндөп жатасыңар”,-деген сөздү уккусу келбей, кол шилтеп басып кетти…

Алтын Капалованын айткандарын башынан аягына чейин төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Кыргыздын менталитетине туура келбеген жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн (2-декабрда) болуп өттү. Уюштуруучу активист жаран Мелис Аспеков ушуга жол берген маданият министри Азамат Жаманкуловду элдин алдында кечирим сурашын талап кылды. Акциянын талабы менен феминнале токтотулуп, Г.Айтиев атындагы музейдин жетекчиси Мира Жангарачева ээлеген кызматынан кеткен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: