Menu

Сооронбай Жээнбеков БАЭ Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянды БАЭ Мамлекетинин жарыяланган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянды БАЭ Мамлекетинин жарыяланган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын жалпы элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биргелешкен иш-аракеттерибиздин аркасы менен биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелер эки элдин кызыкчылыктары үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронай Жээнбеков БАЭ Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянга бекем ден соолук, бакубаттуулук жана иштерине ийгиликтерди, ал эми БАЭ элине тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: