Menu

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган жылаңач кызды Даниядан алып келишиптир. Ал ким өзү деги?

Бөлүшүү:

27-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале болуп, анда элдин алдына дырдай жылаңач чыккан кыз жөнүндө беш күндөн бери сөз болууда. Ага нерв болуп жатсак, ал болсо андагы кылган ишин сыймыктануу менен кабыл алып,  социалдык тармактарга жазып отурат, тагырагы, 29-ноябрда «Фейсбуктагы» өзүнүн баракчасына пост калтырды.

Анын айтымында, мыкты феминналды кош колдоп, кубаттайт жана алар кылып жаткан нерсе коомчулукка өтө зарыл нерсе. Бул кыз Бишкектик эмес, ал Даниялык артист, бийчи Жули Савери болуп чыкты. Албетте, аны алып келүүгө жана анын жылаңач чыгышына бир топ эле акча төлөнгөнү талашсыз нерсе. Ага чыны баары бир, жакшы гонорар алса болду жана ага ал жат көрүнүш нерсе эмес.

Биздин кыргыз кыздары уюштуруп жатпайбы феминналды. Уюштуруучулар уялып калгандын ордуна кайра сыймыктануу менен “искусство” деп баалап, биздин кыргыз жигиттерин жана журналисттерди кемсинткен сөздөрдү айтып жатпайбы. Ал ким? Ал феминналдын уюштуруучу, куратор Алтын Капалова. 

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал бүгүн, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен токтотулду жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулду. Ал министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун кысымы менен кызматтан кеткенин жар салды. Ага өзү түрткү болду, себеби, феминналеде дырдай жылаңач кыздар чыкса, жиптерге: “Аборт кылууга менин укугум бар”,-деп жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылган ич кийимдер кир кыпчыткыч менен илинген. Ага коомчулук катуу реакция кылып, намыстуу кыргызымдын жигиттери ага каршы акцияны бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурду. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирди. Ага катышкан активист жарандар: Айбек МырзаТөрөкан Жунусбеков жана акциянын уюштуруучусу Мелис Аспеков ойлорун ортого салып, сунуштарын айтты. Ал эми аны уюштурган куратор Алтын Капалова аны искусство деп, ага теригүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: