Menu

Бабановду кайрадан саясатка Ташиев алып келеби?

Бөлүшүү:

Шайлоолордун шарданы башталаарга жакын, кайрадан эски “ажырашкандардын” биригиши болуп калуусу таң калууну деле жаратпайт. Буга чейин ондогон партия, саясатчылар ар кандай кызыкчылыктар менен биригип кайра ажырашып, табышкандыр бар. Бул саам келээрки шайлоонун алдындагы ажырашып табышкандардын сап башын же тушоосун Ташиев менен Бабанов баштап берет окшоп калды. Улам эрден чыккан немедей, эдиреңдеп кетип алып, кайра мактап – канатына калкалай берип, жүзү калбаган Камчы акебиз, бул саам деле шайлоонун оюнчук эмес экенин эске алдыбы, айтор акчалуу деген Бабановдун “багелегине” байланыш жатканын өзү ачыктап салды. Маалымат булактарынын бирине берген маегинде: “2010-жылы “Ата-Журт” партиясы шайлоодо биринчи орунду алса, 2015-жылы “Республика – “Ата-Журт” биригип экинчи орунду камсыздады. 2020-жылдагы шайлоого так эле “Ата-Журт” партиясынын тегерегинде эле барабыз. Бирок, ачык эле айтышыбыз керек, так эле “Ата-Журт” партиясынын жалгыз барышы да кыйын. Мүмкүн, ошол эле “Республика – “Ата-Журт” партиясы менендир, аны жакында айтабыз. Анын үстүнө Өмүрбек Бабанов да келип калды. Жакындан сүйлөшүп жатабыз. Бабанов “азырынча саясатка кайтпайм” деп катуу карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн” – деген анда Ташиев. Үмүтсүз шайтан дегендей, Ташиевдин үмүтү азырынча дале болсо Бабановдо экени жашыруун деле болгон жок. Эртең элдешип, “Ташиев болбой жатат” деп Бабановду кайрадан саясаттан көрүп калышыбыз, таң калтырбайт деле. Кайсыл бир саамга тыным алганы, айтканын актабаса да, Ташиев айтмакчы турмуштун туташ фокустары эмнени гана кылбайт. Чындаса саясатта, Бабановго Ташиевдей “республикачыларынын” бир тобу да күйгөн жок. Жамандап алып, башына мүшкүл иш түшкөндө колдоп коюу саясатта оюнчук иш эмес.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: