Menu

Аида Салянованын соту болот

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3 – декабрда, саат 16.00до. Жогорку сотто мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянованын лицензия боюнча соту болот. Ага козголгон саясый иш жаңы жагдайлар менен каралат. Жаңы мыйзам боюнча, Аида Салянованын кыймыл-аракетинде чоң зыян далилдениши керек.

Эске сала кетсек, Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда “Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул иште жетиштүү иликтеген эмес” деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга кескен жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ал абактагы жаза мөөнөтүн кичинекей кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту да  күчүндө калтырган. 2018-жылы, 3-мартта БШК депутаттык мандаттан ажыраткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: