Menu

Музейдеги жылаңачтанган кыздар боюнча “тепкиде” калган Роза Отунбаева үн катты

Бөлүшүү:

Экс-президент Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн феминнале боюнча кайрылуу таратты. Анда ал уюштуруучуларга тилектештик кылып барганын баса белгилеп, Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча нааразычылыгын билдирип, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду сындаган.

Ал кайрылуусунда: «Жаш министр феминналени териштирип, анан жыйынтык чыгаруунун ордуна, кайра тайсалдап, көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алды. Мырзалар, мындайды токтогула, силерде, балким, административдик күч бардыр, бирок, аялдардын тилектештиги деген пикир да бар. Музейдеги көргөзмө аялдардын маселесине арналган. Аялдардын көйгөйүн чечүүдө Өкмөт, Маданият министрлиги эмне иш кылды? Искусство ар кандай болот, кээде чуу жаратат. Мисалы, чуулгандуу көргөзмөлөр дүйнө жүзүндө Батышта да, Чыгышта да болгон. Эйфел мунарасы кандай ызы-чууга кабылганын, элестетип көргүлөчү! Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалими” боюнча Андрей Кончаловскийдин тарткан киносундагы жылаңач Наталья Аринбасарованы эстеп көргүлөчү. Анда да мамлекет буркан-шаркан түшкөн,-деген Роза Отунбаева.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган. Андай иш-чара 17 күнгө созулмак, ал кечээ, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен токтотулду жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулду. Жангарачева министрдин басымы менен эмес, коомчулуктун кысымы менен кызматтан кеткенин жана коомчулук буга даяр эместигин айтты. Чын эле мындай жат көрүнүшкө коомчулук даяр эмес жана аны эч качан кабыл албайт! Себеби. феминналеде дырдай жылаңач кыздар элдин алдына чыкса, жиптерге: “Аборт кылууга менин укугум бар”,-деп жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылган ич кийимдер кир кыпчыткыч менен илинсе, аны кантип кабыл алат? Мындай жат көрүнүшкө коомчулук катуу реакция кылып, намыстуу кыргызымдын жигиттери ага каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурду. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирди. Ага катышкан активист жарандар: Айбек МырзаТөрөкан Жунусбеков жана акциянын уюштуруучусу Мелис Аспеков ойлорун ортого салып, сунуштарын айтты.

Ал эми коомчулукка ызы-чууну жараткан, феминналени уюштурган куратор Алтын Капалова аны искусство деп баалап, ошондуктан ага теригүүнүн кереги жок деп эсептейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: