Menu

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча сот кайра башынан башталмай болду

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 3-декабрда анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, буга себеп – соттун алмашканы болуптур. Мурда төрагалык кылган Алмаз Койлубаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунан Чүй облустук сотуна которулган.

“Азыр жаңы сот дайындалды. Процесс кайра башынан башталат, башкача айтканда, айып угузулуп, соттук териштирүүнүн тартиби аныкталат. Бардык күбөлөр кайрадан көрсөтмө беришет”, – дейт жактоочу.

Соттун алгачкы жыйыны 11-декабрда өтөт. Сотту жаңыдан дайындалган Адылбек Эсенбаев алып барат.

Эскерте кетсек, 2018-жылы декабрда УКМК мурдагы вице-премьер-министрден декларациясына кирбеген үйлөрү, батирлери жана банк эсебиндеги миллиондогон акчалары табылган. Ал күнөөсүн мойнуна албай, кылмыш ишин саясый шоу катары көрүүдө. Кийинчерээк Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына Латвиядагы банк аркылуу мыйзамсыз акча чыгарганы боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: