Menu

Сапар Исаков, экс-премьер-министр: «Мамлекетке пайда алып келели деген ак тилек  болгон, акырында темир тор артында калдык”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө. Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди.  Экс-премьер-министр Сапар Исаков сүйлөдү.

Анын айтымында, модернизацияланган Бишкек ЖЭБдин актысын кабыл алганда өкмөттү Сооронбай Жээнбеков башкарып турган. Ал: «Мен Сооронбай Жээнбековду жаман нерсе кылды деген жокмун. Баарыбыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенбиз, Кыргызстан көз карандылыктан арылсын деген гана тилек кылганбыз. Мен эч кимди күнөөлөбөйм, анткени, ар бирибиз долбоордо активдүү иштеп, өлкөгө пайда гана алып келели дегенбиз. Жыйынтыгында, минтип темир тор артында калдык», — деди С.Исаков.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Ал боюнча сот болуп келатат. Буга чейинки соттук отурумдарда прокурор мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга, Сапар Исаковду 15 жылга, “Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 17 жылга кесүүнү жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин ЖЭБ боюнча күнөөсү далилденбегинин айтып, ден соолугун жана өз ыктыяры менен бирдиктүү эсепке 100 миллион сом которгонун эске алууну судьядан суранган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: