Menu

Жарандардын кайрылууларынын электрондук порталынын мобилдик нускасы тесттик режимде ишке кирди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандардын кайрылууларынын www.kattar.kg жаңы электрондук порталынын мобилдик нускасын тесттик режимде ишке киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын кайрылууларынын www.kattar.kg электрондук порталынын мобилдик нускасы заманбап платформада жасалып, колдонууга жеңил. Эми ар бир жаран мобилдик телефондон кайрылууларынын тексттин жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Жарандар сайттын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жетекчилигине кайрыла алат.

Жарандардын кайрылуулары «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына жана жол-жоболоруна ылайык каралат.

Эгер жогоруда көрсөтүлгөн порталдын мобилдик нускамасынын ишинде катачылык же түшүнүксүз жагдайлар болсо  (0-312) 96-03-05, 62-50-20 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: