Menu

Азамат Жаманкулов, маданият министри: «Музейде жат көрүнүшү жок феминале уланат»

Бөлүшүү:

Ызы-чуу жараткан Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминале уланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 3-декабрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, музейдеги феминнале боюнча коом экиге бөлүнүп калды. Мындан утулган да, уткандар да жок. Ал феминалени уюштуруу ишине каршы эмес, жабылбай иштейт. Учурда анын ичиндеги жат көрүнүш экспонаттардын баары көргөзмөдөн алынып салынды. Уюштуруучулар кыргыздардын менталитетин эске алуу керектигин баса белгиледи.

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган иш-чара 17 күнгө созулмак. Ал кечээ, 2-декабрда Маданият министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен убактылуу токтотулган жана аталган музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулган. Ал иш-чарадагы жат көрүнүштөргө каршы акцияны 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында уюштурган. Аларды министр кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин билдирип, бул боюнча жумушчу топ түзүлүп текшерилээрин жана убактылуу токтотулаарын билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: