Menu

16 жаштагы кыз өзүнчө жашагысы келип, ата-энесине: “Мени органга сатканы уурдап кетти” деген

Бөлүшүү:

Кыргыз кыздын WhatsApp аркылуу жиберген маалыматы калп болуп чыкты. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын октябрь айынын соңунда Орусияда жашаган кыргыздардын арасында белгисиз кыргыз кыздын маалыматы кеңири тараган. Кыз энесинен кыргыз тилинде жардам сурап, аны алдап уурдап кетишкенин, бир жайда кармап жатышканын, суу эле берип, уурдагандар анын ички органдарын сатканы жатканын жазган.

Бул кабар чоң ызы-чууну жаратып, факт Ысык-Көл облусунун ИИБсинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Киши сатуу” беренеси боюнча кирген. Кылмыш иш ИИМ менен Орусиядагы Кыргызстандын элчисинин көзөмөлүндө болгон.

Тергөө учурунда кыз бойго жете электиги аныкталган. Анын ата-энеси Москвада турушчу экен. Кызынан ушундай кабар алгандан кийин ата-энеси WhatsApp аркылуу маалымат таратышкан. Андан соң Москва полициясына кайрылышып, арызы каттоого алынган.

Орусиядагы кыргыз милициясынын өкүлчүлүгү менен Көлдөгү кызматкерлер чогуу чаран кыздын кайда экенин аныктай алышкан. Ош облусунда туулган 16 жаштагы Р.Т.ны табышкан.

Кыз үйдөн өз ыктыяры менен кетип калганын, өз жашоосуна өзү тыйын тапкысы келгенин, ата-энесин коркутуп, атайын жасаганын, мынчалыкка жетерин ойлобогонун айтып берген. Ата-энесинин айтымында, кыз үйдө кичүү инисин бакчу экен. Орусиядагы Кыргызстандын ИИМ өкүлчүлүгү соңку кезде соцтармактарда ушундай жалган маалыматтар көп тарай баштаганын эскертип, дароо расмий органдарга кайрылууну суранат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: