3-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Тараптардын жарыш сөзү угулуп жатат.
Сөз алган Сапар Исаков эки саатка чукул сүйлөдү. Өз сөзүндө кылмыш иштин майда-чүйдөсүнө чейин кеп кылды. Эмнеге модернизация болгонун, эмнеге бул долбоорду колдогонун айтып, сөз аягында бир жарым жыл мурун аны калпычы кылып көрсөтүшөрүн ойлобогонун айтып, чыдабай кетип, ыйлап жиберди.
“Кылмыш курамы жок катары мени гана эмес, бардыгын актап бериңиздер. Жок дегенде менден башкасын кое бериңиздер, анткени башкы максат – мен окшойм. Мени камаш үчүн бардыгын камадыңар. Мындан тышкары автоунаамды калтырып койгула, анткени төрт кызым бар, жубайым аларды бала бакчага, мектепке ташыйт, машинесиз кыйналып калышат”, – деди ал эмоцияга алдырып.
Эскерте кетсек, мамлекеттик айыптоочу Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ