Menu

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу

Бөлүшүү:

Кыргызстанда бир топ жолдор курулуп жатат. Алардын ичинде эң ири долбоор катары кабыл алынган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу да бар. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу аймактын транзиттик дараметин жакшыртып, Европа жана Азияны өз ара көпүрө сыяктуу айланыштыраарын президент Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда, Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда айтты.

«Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет элдик инвестицияларды жана алдыңкы  технологияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн байыркы Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү катары эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Буга байланыштуу эркин товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бизге мүмкүн болгон бардык багыттардагы транспорт-транзиттик коридорлорду өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу зарыл», — деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.

Сооронбай Жээнбеков аймактагы оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты жакшыртууну же тараптардын аймактары боюнча транзиттин тартибин жеңилдетүүнү сунуштады.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: