Menu

Кадамжайда бодо мал уурдап, сатып жүргөн топ кармалды

Бөлүшүү:

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап, сатып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 3-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, кармалган топ бодо малды уурдап, аны талаага алып барып союп, этин сатып жүргөн. Жергиликтүү жашоочулар малдары түн ичинде мал сарайынан жана үлүш жеринде байланып турган жеринен уурдалып жатканы боюнча милицияга жайында арыз менен кайрылышкан. Бул факт катталып, уурулар издөөгө алынган. Ага шектелип төртөө: Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы тургуну П.К, Ноокат районунун  31 жаштагы тургуну И Ш (аял киши), Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы тургуну А.Н. кармалган. Үчөө Кызыл-Кыя шаарынан, бирөө (27 жаштагы Н.О) Бишкек шаарынан кармалган. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: