Мындай маалыматты КСДП фракциясынын жыйынында курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттиктин маалыматын угуу учурунда агенттиктин орун басары Элдар Шерипов айтты.
Шерипов, 2040-жылга чейин токой чарбасын өнүктүрүү максатында, атайын концепция иштелип чыккан. Бул концепция каржылык колдоого ээ деп белгиледи.
Берилген маалыматка ылайык, Centerra Gold Inc. менен биргеликте атайын фонд түзүлгөн. Centerra Gold Inc. компаниясы жаратылышты өнүктүрүүгө 57 млн 440 миң доллар бөлгөн.
Мындан тышкары, эл аралык донорлор менен бирге кызматташуу болуп жатканын билдирди.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ